2022-01-31


Ийгиликтүү бүтүрүүчүбүз менен жолугушуу


Бөлүмүбүздүн 2019-2020-окуу жылындагы бүтүрүүчүсү Бегимай Жумакова 2020-жылы Табигый илимдер институтунун математика багыты боюнча магистратурасына тапшырып, окуусун баштаган. Ал учурда АКШнын Пэйс университетинде билимин улантууда. Бегимай жакында Кыргызстанга келип, бөлүмүбүздүн профессордук-окутуучулук курамы жана студенттери катышкан онлайн жолугушууда АКШнын билим берүү системасы, магистрдик программалар жана аларга тапшыруу талаптары тууралуу кенен маалымат берди. Ал ошондой эле математиканы колдонуу заманбап тармактары тууралуу айтып берди. Биз Бегимайдын жетишкендиктери менен сыймыктанабыз жана окуусунда ийгилик каалайбыз. Ар дайым жолун ачык болсун, Бегимай!