2022-04-29


“Fen Face 2022”


Табигый илимдер факультетинин студенттик кеңеши тарабынан студенттердин арасында “Fen Face 2022” билим таймашы 2022-жылдын 27-апрелинде өткөрүлдү. Таймашта факультеттин студенттеринен куралган  15 команда катышты. Алардын ичинде Математика бөлүмүнөн да бир нече команда катышып, 2-курстун студенттеринин командасы “ГКЭНБ” (Гулиза Уларбек кызы, Кылым Джоомартов, Эркинай Майрамбек кызы, Нурсейил Шамшарбек кызы, Биймырза Нарбаев) финалга чыкты. 
Финалда Колдонмо математика жана информатика бөлүмүнөн эки команда (“Гамболл и Сосиска”, “UME-1”) жана Математика бөлүмүнөн “ГКЭНБ” командалары билим сынашып, “ГКЭНБ” командасы II орунду багындырды. Математика бөлүмүнүн студенттерине ар дайым алган билиминин үзүрүн көрүп, иштеринде ийгиликтер коштоп жүрүшүн тилейбиз!