2024-02-15


Жазгы бөлүм семинарлары башталды


Бөлүмүбүз академиялык ишмердүүлүгүн улантууда жана кызыктуу жазгы семестрдик семинарлары менен алдыңыздарда! Бул семестрде биз студенттерибизди жана академиктерди математиканын ар кайсы тармагынан эксперт спикерлерге толгон программа менен бириктиребиз.

Семинарларыбызды бөлүм башчыбыз PhD,  проф. Мухаммет Камали агайыбыз «Аналитикалык уландысы» аттуу баяндамасы менен ачты. Семинарга Математика, Колдонмо математика жана информатика кафедрасынын студенттери жана академиктери катышты. Семинардын аягында биздин студент жана академиялык катышуучулар суроо-жооп учурунда баяндамачы менен баарлашты. Жазгы семестр бою улана турган ар бир презентация биздин катышуучуларга математика дүйнөсүндөгү актуалдуу окуяларга көз салып, билимдерин кеңейтүүгө мүмкүндүк берет.