2024-04-22


Даярдоо курсунун студенттери менен жолугушуу


2024-жылдын 18-апрелинде бөлүмүбүздүн даярдоо курсунун студенттери жана бөлүм кызматкерлери катышкан жыйын болуп өттү. Биздин максат даярдоо курсунун студенттеринин бөлүм менен жакындан таанышуусуна шарт түзүү жана аларды даярдоо курсунан кийин баштала турган математика сабактарына даярдоо. Бөлүмүбүздө жыл сайын салтка айланган бул жолугушууну  4-курстун студенттери уюштуруп, даярдоо курсунун студенттерине бөлүм тууралуу ой-пикирлерин айтып, ийгиликке жетүү үчүн кандай иштеш керек экенин айтышты. Кафедра кызматкерлеринин кафедра тууралуу ой-пикирлери түшүндүрүлгөн жолугушуунун аягында студенттерибизге кийинки жумадан баштап ар шаршемби күнү саат 17:30да математиканын негизги предметтери талкуулана турган сабактарга катышуу эскертилди. Аларга окуудагы жашоолорунда  ден соолук жана ийгиликтерди каалашты. Даярдоо курсунун студенттеринин математикага болгон сүйүүсү, кызыгуусу бизди абдан кубандырды. Студенттерибизге катышкандыктары үчүн терең ыраазычылык билдиребиз жана даярдоо курсунан кийин баштай турган математика сабагында ийгиликтерди каалайбыз. Биз сиздерди абдан жакшы көрөбүз.