2026-04-03


Улуттук баалуулуктарды даңазалаган студенттик сынак ийгиликтүү өттү


Кыргы́з Республикасынын Президентинин Жарлыгы менен бекитилген «Улуттук дем – Дүйнөлүк бийиктиктер» демилгесинин алкагында жогорку окуу жайларда улуттук баалуулуктарды жайылтуу, маданий мурастарды сактоо жана жаш муунду тарбиялоо багытындагы иш-чаралар системалуу түрдө жүргүзүлүп келет.

Аталган демилгенин негизинде университетибизде студенттер тарабынан уюштурулган мазмундуу жана тарбиялык мааниси зор сынак өткөрүлдү. Сынактын максаты – кыргыз элинин бай маданий мурасын, салт-санаасын жана руханий баалуулуктарын студенттерге кеңири таанытуу, алардын улуттук аң-сезимин калыптандыруу жана маданий өздүгүн бекемдөө болду.

Сынак бир нече этаптан туруп, ар бири улуттук баалуулуктарды ар тараптан чагылдырды. Алгачкы «Саламдашуу» этабында катышуучулар өз командаларын тааныштырып, чыгармачылык менен сахнага чыгышты. «Салт» бөлүгүндө кыргыз элинин каада-салттары көрсөтүлсө, «Тарых» этабында өлкөнүн тарыхына байланышкан билимдер сыналды. «Кыргыз даамы» бөлүгүндө улуттук тамак-аштар тааныштырылып, алардын өзгөчөлүктөрү баяндалды. Ал эми акыркы «Ыр/Бий» этабында студенттер өз өнөрлөрүн тартуулап, иш-чарага өзгөчө көрк кошушту.

Сынак жогорку деңгээлде өтүп, катышуучулар өздөрүнүн чыгармачылыгын, билим деңгээлин жана командалык иш жөндөмдөрүн ийгиликтүү көрсөтө алышты. Иш-чаранын жыйынтыгында мыкты командалар аныкталып, аларга сыйлыктар жана ардак грамоталар тапшырылды.

Мындай иш-чаралар студенттердин ар тараптуу өнүгүүсүнө өбөлгө түзүп, улуттук баалуулуктарды урматтоого жана сактоого үндөйт. Университетибиз бул сыяктуу демилгелерди мындан ары да улантат.