Кыргыз-Түрк Манас университети Чыгыш Европа жана Борбордук Азия өлкөлөрүндөгү эң мыкты 451 университеттин катарына кирди


  • 2021-12-15

QS (Quacquarelli Symonds) эл аралык агентствосу тарабынан өткөрүлгөн Чыгыш Европа жана Борбордук Азия өлкөлөрүндөгү университеттердин рейтингинде эң мыкты 451 университеттин арасында Кыргыз-Түрк Манас университети 156-орунга ээ болду. Былтыр 400 университеттин арасынан 183-орунда ал эми 2019-жылы 354  университеттин арасынан 190- орунда болчу. Башка айтканда акыркы эки жылда бул рейтингге катышкан университеттердин саны көбөйгөнүнө карабастан 34 орунга көтөрүлдү.

Бул тизмеге 30 өлкөнүн жогорку окуу жайлары кирген. Борбордук Азиядан болсо Казакстандан 34 жогорку окуу жай, Кыргызстандан 2 жогорку окуу жай, Өзбекстандан 4, Тажикстандан 1 жогорку окуу жай  кирген.  Кыргыз-Түрк “Манас” университети Борбордук Азиядан 13-орунду ээлеген.

Ушул 451 жогорку окуу жайдын 129у Россиядан болсо, Түркиядан 66 жогорку окуу жай кирген.

Ал эми Түркиядагы университеттердин арасынан Кыргыз-Түрк “Манас” университети 16-орунду ээлеген.

QS университеттерди он көрсөткүч менен баалайт: жогорку окуу жайдын академиялык аброю индекси (Academic Reputation), жумуш берүүчүлөр арасында окуу жайдын аброю индекси (Employer Reputation), профессордук-окутуучулук штаттын саны окуу жайдын студенттерге болгон катнашы (Staff with PhD), окутуучулардын илимий иштеринин шилтеме индексинин окутуучулардын санына болгон катнашы (Citations per Paper), жогорку окуу жайдын веб баракчасынын колдонушу индекси (Web Impact) ж.б. 

Эң алдыңкы 10 орунду Россия, Эстония, Чеш Республикасы жана Польшанын  жогорку окуу жайлары алган:

  1. Ломоносов атындагы Москва мамлекеттик университети – Россия
  2. Карлов университети – Чеш Республикасы
  3. Санкт-Петербург мамлекеттик университети – Россия
  4. Тарту университети – Эстония
  5. Ягеллон университети – Польша
  6. Варшава университети – Польша
  7. Масарик университети - Чеш Республикасы
  8. Новосибирск мамлекеттик университети – Россия
  9. Томск мамлекеттик университети – Россия
  10. Москова физико-техникалык институту - Россия

MEDIAMANAS

    Социалдык медиада бөлүшүү