ЭМНЕ ҮЧҮН “МАНАС” УНИВЕРСИТЕТИ?


  • 2025-07-09

Кыргыз-Түрк “Манас” университети – билим менен биримдик, билим менен келечек 

PhD, проф. Алпаслан Жейлан

 

Университетти тандоо – бул жөн гана бөлүмдү тандоо эмес, бул идеяны, идеалды жана келечек жөнүндөгү көз карашты жүзөгө ашыруу аракети. Ушул өңүттө Кыргыз-Түрк “Манас” университети жөн гана университет болбостон, бул – түрк дүйнөсүнүн орток баалуулуктары менен билим айкалышкан, илимий негизде маданий биримдикти бекемдеген, заманбап, бирок көптөн бери иштеп келе жаткан билим берүү жана ой жүгүртүү борбору.

1995-жылы Кыргызстан менен Түркиянын ортосунда кол коюлган эл аралык келишимдин негизинде ачылган университет 1997-жылдан бери Бишкек шаарында өз ишмердүүлүгүн жүргүзүп келет. Бирок “Манас” университети - бул эки боордош өлкөнүн гана эмес, Азербайжандан Казакстанга, Өзбекстандан Түркмөнстанга, Алтайдан Балканга чейин жайгашкан кеңири аймактын боордоштук мамилелерин чагылдырган өнөктөштүк модели. Бул жагынан алганда, “Манас” университети жөн гана мекеме эмес, бул заманбап цивилизациянын үлгүсү.

Университеттин курамында 12 факультет, 1 ЖОЖдон кийинки билим берүү институту, 1 жогорку мектеп, 1 орто кесиптик колледж жана 6 илимий изилдөө борбору бар. Бирок “Манас” университетин башка университеттерден айырмалап турган нерсе анын ар түрдүү түзүмдүк бөлүмдөрүнүн болушу гана эмес. Негизги айырмачылык - биздин билим берүү тууралуу түшүнүгүбүз көп тилдүү, ар тараптуу жана маданияттар аралык көз караш менен негизделгендигинде. Түрк жана кыргыз тилдеринен тышкары орус, англис жана башка тилдерде жүргүзүлгөн окуу-тарбиялык иштер студенттерге өз тамырлары менен байланышын сактап калууга, ошол эле учурда дүйнөдө активдүү инсан катары орун алууга мүмкүндүк берет.

Университеттин кампусу бир гана дарсканалардан турган аянт эмес, бул - ой-пикирлер кайчылашкан, маданияттар жуурулушкан, боордоштук менен кызматташтык жанданган өзгөчө билим берүү чөйрөсү. Ар кайсы өлкөлөрдөн келген студенттер отурган парталары менен гана эмес, бирдей кыялдар, баалуулуктар жана көз караштары менен бөлүшүшөт. Ушул жагынан алганда, “Манас” университети түрк дүйнөсүнүн жаш муундарын орток келечекке даярдаган интеграцияланган жашоо жана билим берүү аймагы болуп саналат.

 “Манас” университети түрк дүйнөсүнүн орток көз караштын негизинде биригүүсүн жөн гана сөз жүзүндө эмес, иш жүзүндө жоопкерчилик аң-сезими катары да карайт. Бул жоопкерчилик билим берүүдөгү мыктылык, маданий маалымдуулук жана социалдык пайда принциптери менен бекемделет. Биздин бүтүрүүчүлөр өздөштүргөн билиминен жана жөндөмдөрүнөн тышкары өздөрү таандык болгон аймактын тарыхын, тилин, иденттүүлүгүн билген инсан катары түрк дүйнөсүнүн ар кайсы өлкөлөрүндө алдыңкы орундарды ээлеп келишет.

Мына ушундан улам “Эмне үчүн “Манас” ?” деген суроого бере турган эң кыска-нуска жооп мындай:

Анткени “Манас” университети – бул жөн гана университет эмес, бул орток орток маданият, эс тутум жана келечекке жол көрсөткөн жарык жол.

АКАДЕМИЯЛЫК ТҮЗҮМ  ЖАНА БИЛИМ БЕРҮҮ МОДЕЛИ

 “Манас” университетинде билим берүү – бул бир гана билимди эмес, келечекке болгон көз карашты кеңейтет.

Кыргыз-Түрк “Манас” университети Кыргыз Республикасынын жана Түркия Республикасынын жогорку билим берүү мыйзамдарына ылайык түзүлгөн, заманбап, көп тилдүү жана инсанга багытталган окутуу моделин колдонот. Университет академиялык түзүмдөрү менен окуу-тарбиялык, илимий изилдөө иштерин жана  коомго кызмат көрсөтүү ишмердигин комплекстүү мамиле менен алып барат.

Көп тилде билим берүү – түрк дүйнөсү үчүн ачылган горизонт

Университетте окутуу түрк жана кыргыз тилдеринде жүргүзүлөт. Студенттер даярдоо курсунда бул эки тилди натыйжалуу түрдө үйрөнүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат, андан соң бакалавриат жана магистратура программалары боюнча көп тилдүү академиялык чөйрөдө билим алышат. Мындан тышкары, орус, англис, немис жана кытай тилдеринде окутулган тандалма сабактар студенттердин коммуникативдик көндүмдөрүн глобалдык деңгээлде калыптандырат. Бул бүтүрүүчүлөргө эл аралык аянтчаларда, анын ичинде түрк дүйнөсүндө өз ордун табууга мүмкүндүк берет.

Теориядан практикалык билимге жана жашоо менен айкаштыкта билим берүү

 “Манас” университетинин билим берүү модели теориялык сабактар менен гана чектелбестен, практикалык иш-аракеттерди негиз туткан түшүнүккө таянат. Бардык окуу программалары коомдун өзгөрүп жаткан муктаждыктарына жараша жаңыланып турат, студенттер стажировка, долбоор жана талаа изилдөөлөрү сыяктуу түздөн-түз тажрыйбаны камсыз кылган ыкмалар менен окутулат. Университеттин курамындагы лабораториялар, медиа студиялары, симуляция борборлору, өнөрканалар жана санариптик билим берүү платформалары студенттерге заманбап жана керектүү жабдуулар менен  жабдылган академиялык чөйрөнү тартуулайт.

Болонья процессине шайкеш, келечекке ачык академиялык система

Окуу жайыбыз Болонья процессинин принциптерине ылайык ECTS (Кредиттерди которуу жана топтоонун европалык системасы) негизинде түзүмдү калыптандырып, Европалык жогорку билим берүү мейкиндигине толук шайкеш келген баалоо системасын колдонууга киргизди. Студенттерге транскрипт, дипломдун тиркемеси жана кош диплом алуу мүмкүнчүлүктөрү каралган. Бул университетти аяктагандан кийин эл аралык академиялык жана кесиптик мобилдүүлүктү жеңилдетет.

Эл аралык мобилдүүлүк жана академиялык тармактар

 “Манас” университети эки тараптуу келишимдер, “Орхун”алмашуу программасы жана Эрасмус+ сыяктуу эл аралык программалар аркылуу студенттер менен окутуучулардын мобилдүүлүгүн активдүү колдойт. Бүгүнкү күндө университет дүйнөнүн 27 өлкөсүндө 260тан ашуун университет жана мекемелер менен кызматташуу протоколдоруна кол койгон. Анын натыйжасында университет өз студенттерине билим берүү жана изилдөө тажрыйбасын өз өлкөлөрүндө гана эмес, глобалдык деңгээлде да камсыздай алат.

Билимдин жардамы менен баалуулукка ээ болгон инсанды тарбиялоо

 “Манас” университети кесиптик билим берүү программаларын ишке ашыруучу окуу жайы гана болбостон, өзүн-өзү тааныган жана жоопкерчиликтүү инсанды тарбиялоо максатын көздөйт. Студенттер тарыхый маалымдуулук, маданий сезимталдуулук, сынчыл ой жүгүртүү жана жоопкерчилик сыяктуу баалуулуктарга ээ болгон инсан катары окуусун аякташат. Билим берүү процессинин ар бир этабында бул баалуулуктарды өздөштүрүүгө багытталган программалар жана иш-чаралар менен бирдикте академиялык жашоо колдоого алынат.

 “МАНАС” УНИВЕРСИТЕТИНИН КАМПУСУНДА ЖАШОО ЖАНА СТУДЕНТТЕР ҮЧҮН МҮМКҮНЧҮЛҮКТӨР

 “Манас” университетинде жашоо кампустан башталат

Кыргыз-Түрк  “Манас” университети өз студенттерине сапаттуу академиялык чөйрөнү түзүп эле тим болбостон, коопсуз, жандуу жана ар тараптуу кампус жашоосун да тартуулайт. Бишкек шаарында 830 000 чарчы метрдик аянтта жайгашкан Чыңгыз Айтматов атындагы кампус билим берүүдөн тарта турак жайга, саламаттыкты сактоодон баштап маданият менен көркөм өнөргө чейин бардык муктаждыктарды канааттандырган комплексттүү жашоо аянтчасы катары иштелип чыккан.

 “Манас” университетинде билим алуу – бул бир гана билим алуу эмес, социалдык колдоо, маданий байлык жана жеке өнүгүү мүмкүнчүлүктөрү менен айкалышкан турмуштук тажрыйбаны да топтоо. Окуу жайыбыз студенттерге дарсканаларда гана эмес, кампустун ар бир бурчунда өздөрүн өнүктүрө ала турган чөйрөнү тартуулайт.

Заманбап жана жашоого ыңгайлуу жатаканалар

Университет өз студенттерине сыйымдуулугу 1450 орундуу заманбап жатаканаларда жашоо шартын түзгөн. Эркек жана кыз студенттер үчүн өз-өзүнчө имараттагы жатаканаларда күнү-түнү ысык суу, интернет, окуу залдары, кир жуучу жайлар жана эс алуучу аянтчалар бар. Студенттерди жатаканага жайгаштырууда Кыргызстандан башка өлкөлөрдөн келген даярдоо курсунун студенттерине артыкчылык берилет, студенттердин окуу жайга көнүү процессине кеңеш берүү кызматы колдоо көрсөтөт.

Пайдалуу жана туура тамактануу

Кампустун аймагында 5 ашкана жана 9 буфет менен кошо  кызмат көрсөткөн “Оба” чай бакчасы, “Кышкы бакча”, “Бешбармак чатыры” жана “Түрк дүйнөсүнүн маектешүү жайы” сыяктуу социалдык багыттагы объекттер студенттерге пайдалуу жана экономикалык жактан үнөмдүү тамактанууну сунуштайт. Эртең мененки тамак акысыз берилет, түшкү жана кечки тамактар студенттерге арзан баада сунушталат.

Суткасына 24 саат, жумасына 7 күн акысыз медициналык тейлөө

 “Манас” университетинин Ден соолук борбору студенттерге суткасына 24 саат, жумасына 7 күн акысыз медициналык кызматтарды көрсөтөт. Борбордо үй-бүлөлүк дарыгер, терапевт, ЛОР, невропатолог жана лаборант иштейт. Биздин студенттер медициналык кароодон баштап тез жардамга чейин көптөгөн маселелер боюнча кесипкөй медициналык жардам ала алышат.

Бай китепкана жана санариптик ресурстар

Университетте жалпысынан 8 китепкана жана окуу залы бар, алар 100000ден ашык басма китептерге, миңдеген санариптик басылмаларга жана 3,5 миллиондон ашуун электрондук ресурстарга жеткиликтүүлүктү камсыздайт. Биздин китепканалар суткасына 24 саат, жумасына 7 күн иштеген санариптик системалар тарабынан колдоого алынат жана заманбап маалыматтык технологияларга толугу менен ылайыкташтырылган.

Спорт, көркөм өнөр жана социалдык жашоо айкалышкан кампус

“Манас” университети студенттерди окуу-тарбиялык жагынан гана эмес, социалдык жана маданий жактан да өнүктүрүүгө умтулат. Кампустун аймагында 2 футбол аянтчасы, баскетбол жана волейбол аянтчалары, жөө жүрүү жолдору, фитнес залы, оор атлетика, бокс жана күрөш залдары бар. Студенттер түрк элдеринин салттуу спорт оюндарынан баштап спорттун заманбап түрлөрүнө чейин ар кандай тармактарда спорт менен машыгууга мүмкүнчүлүк алышат.

Мындан тышкары, театр, концерт, көргөзмө, фестиваль жана ачык асман алдында ооз ачуу саамалыгы сыяктуу көптөгөн социалдык жана маданий иш-чаралар кампустун жашоосуна түрдүү түстөрдү кошот. Окуу жайыбызда 39 студенттик клуб активдүү иштейт, студенттерге өз кызыкчылыктарына жараша ыктыярдуу, кесиптик жана чыгармачылык ишмердүүлүк менен алектенүүгө мүмкүнчүлүк берилет.

Акысыз жана жеткиликтүү кызматтар 

Коомго кызмат көрсөтүү принцибине ылайык, “Манас” университети студенттердин негизги муктаждыктарын акысыз же символикалык төлөм менен камсыздайт. Жатаканага биринчи кезекте даярдоо курсунун студенттери жайгаштырылат, эртең мененки тамак акысыз берилет, ал эми медициналык кызматтар суткасына 24 саат, жумасына 7 күн акысыз көрсөтүлөт. Кызмат көрсөтүүнүн мындай ыкмасы студенттерге каржылык көйгөйлөрдөн алыс болуп, көңүлүн толугу менен окууга бурууга мүмкүндүк берет.

Психологиялык кеңеш жана багыт берүү

Университеттеги психологиялык кеңеш жана багыт берүү бөлүмү студенттердин психикалык ден соолугуна өзгөчө маани берет. Жеке психологиялык кеңеш, топто иштөө, сынактын алдында тынчсыздануу жана көнүү процесстери сыяктуу маселелер боюнча адистер тарабынан жардам көрсөтүлөт. Бул жардам студенттердин окуудагы жетишкендиктерине түздөн-түз таасир этет.

Академиялык колдоо жана стипендия алуу мүмкүнчүлүктөрү

“Манас” университети ийгиликтүү окуган жана муктаждыгы бар студенттерди ар кандай стипендиялар менен колдойт. Окутуу процесси учурунда студенттерге орточо баллына жараша окуудагы жетишкендиктери үчүн стипендиялар жана социалдык колдоо көрсөтүлөт. Мындан тышкары, ар бир факультетте кураторлор тарабынан академиялык багыт берүү кызматтары көрсөтүлөт.

Ыктыярдуулук, социалдык жоопкерчилик жана коомдук иш-чараларга катышуу

“Манас” университетинин студенттери социалдык жоопкерчилик долбоорлоруна катышуу менен билимди гана эмес, баалуулуктарды да өндүрүүнүн бир бөлүгү болуп калышат. Окуу жайыбызда өткөрүлгөн социалдык жардам акциялары, экологиялык иш-чаралар жана ыктыярдуу ишмердүүлүктү колдоо студенттердин өздөрүн “коомго салым кошкон инсан” катары сезүүсүн өнүктүрөт.

Коопсуз, жылуу жана инклюзивдүү чөйрө

Кампустагы жашоо – бул ар кайсы өлкөлөрдөн, маданияттардан жана социалдык-экономикалык  чөйрөлөрдөн келген жаштардын бейпил жашаган чакан дүйнөсү. Ар бир студент бул көп катмарлуу чөйрөдө өз маданиятын эркин тааныта алат, ошол эле учурда башкалардын тажрыйбасына таянып өнүгүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болот. “Манас” университетинин студенти болуу – бул академиялык жетишкендик гана эмес, ошондой эле жашоого күчтүү даяр болуу.

“Манас” университетинин студенти болуу - бул үй-бүлөнүн бир бөлүгү болуу

“Манас” университетинде студенттер инсан катары гана эмес, чоң үй-бүлөнүн баалуу мүчөсү катары таанылат. Студенттик кеңеш жана түрк дүйнөсүнүн студенттеринин коомчулугу сыяктуу түзүмдөрдүн аркасында студенттер чечим кабыл алуу процесстерине катышып, университеттин жетекчилиги менен түздөн-түз байланыша алышат. Чет өлкөлүк студенттер үчүн багыт берүү кызматтары, көнүү семинарлары жана көп маданияттуу жолугушуулар университеттин “инсанга багытталган” мамилесинин чагылышы болуп саналат.

“Манас” университети өз студенттерине билим берүү менен гана чектелбестен, жатакана, тамактануу, ден соолук, маданият, искусство жана спорт жаатында түзүп берген мүмкүнчүлүктөрү менен бейпил, жемиштүү жана маңыздуу жашоо чөйрөсүн тартуулайт.

ТҮРК ДҮЙНӨСҮНҮН КОНЦЕПЦИЯСЫ ЖАНА МАДАНИЙ ӨЗ АРА АРАКЕТТЕНҮҮ

“Манас” университетинде орток иденттүүлүк үчүн орток келечек калыптанууда.

Кыргыз-Түрк “Манас” университетин ачуунун максаты жөн гана жогорку окуу жайын ачуу эмес, институционалдык түзүмдүн алкагында түрк дүйнөсүнүн орток маданий коддорун, тарыхый эс тутумун жана келечекке болгон көз карашын кайра жаратуу болгон. Бул багытта окуу жайыбыз Кыргызстандан жана Түркиядан гана эмес, Азербайжандан, Казакстандан, Өзбекстандан, Түркмөнстандан жана түрк дүйнөсүнүн ар кайсы аймактарынан келген студенттерди бир чатырдын астында бириктирген уникалдуу маданий жолугушуу жайы болуп саналат.

 

Жөн гана маданият айтылган чөйрө эмес, маданият жашаган чөйрө

“Манас” университети маданий өз ара аракеттенүүнү аудиториялык сабактардын программалары менен эле чектебестен, аны кампустун ичинде жыл бою уюштурулган көп сандаган иш-чаралар менен жандуу тажрыйбага айландырат. Мисалы, Нооруз майрамын белгилөө, элдик бийлерди көрсөтүү, салттуу көркөм өнөр боюнча мастер-класстарды өткөрүү, жергиликтүү тамак-аш азыктарын таанытуу жана түрк дүйнөсүнүн маданият күндөрү сыяктуу иш-чаралар студенттерге өз маданиятын таанытууга жана башка түрк коомчулуктары менен жакындан таанышууга мүмкүнчүлүк берет.

Студенттик клубдар

Университетте жигердүү иштеп жаткан түрк дүйнөсүнүн студенттеринин коомчулугу сыяктуу студенттик клубдар аркылуу окуу жайыбызда түрк элдеринин ортосундагы боордоштук жана маданий биримдик сезимин бекемдөөгө багытталган көптөгөн иш-чаралар уюштурулат. Студенттик клубдар студенттердин ортосунда ыктыярдуу негизде маданий алмашуу программаларын ишке ашырат жана ар кандай симпозиум, конференция жана панелди уюштуруу аркылуу маданий мурастар боюнча маселелердин академиялык деңгээлде каралышын  камсыздайт.

Түрк дүйнөсүнүн перспективалуу билим берүү түшүнүгү

“Манас” университетинин окуу планындагы тандалма сабактар, айрыкча түрк тарыхы, адабияты, тилдери, орток баалуулуктары жана ой жүгүртүү маданияты боюнча сабактар студенттерде орток цивилизация жөнүндө жалпы түшүнүктү, маданий иденттүүлүгүн жана өзүн-өзү аңдоону бекемдөөгө багытталган. Ошол эле учурда, университеттин окуу бөлүмдөрүндө жана изилдөө борборлорунда ишке ашырылып жаткан долбоорлор бул орток мурасты терең изилдөөгө жана аны келечекке өткөрүп берүүгө көмөктөшөт.

Орток маданият, орток жоопкерчилик 

“Манас” университети түрк дүйнөсүнүн концепциясын ностальгиянын элементи катары гана эмес, азыркы дүйнөдөгү бирге болуунун, илимий-маданий кызматташтыкты чыңдоонун зарыл каражаты катары карайт. Ушул контекстте студенттер өз өлкөлөрүнүн гана эмес, орток өтмүшү жана орток келечеги бар дүйнөнүн жаш өкүлдөрү катары даярдалышат.

ИНТЕРНАЦИОНАЛДАШУУ ЖАНА АЛМАШУУ ПРОГРАММАЛАРЫ

Кыргыз-Түрк “Манас” университети – түрк дүйнөсүндө, ошондой эле эл аралык аренада жогорку билим берүү жаатындагы коомчулуктун активдүү жана абройлуу мүчөсү. Интернационалдашуу саясатынын алкагында студенттердин жана академиялык кызматкерлердин дүйнөлүк масштабда илимий өз ара аракеттенүүсүнө күчтүү колдоо көрсөтүлөт.

“Орхун” академиялык алмашуу программасы: түрк дүйнөсүнө ачылган жол

Түрк университеттер биримдигинин (TÜRKÜNİB) колдоосу астында иштелип чыккан “Орхун” академиялык алмашуу программасы “Манас” университети тарабынан ишке ашырылып, түрк дүйнөсүндөгү университеттер аралык мобилдүүлүктүн институционалдык пайдубалын түзөт. Бул программа студенттер жана окутуучулар менен алмашуу менен гана чектелбестен, орток академиялык платформалар, долбоорлор жана басылмалар аркылуу түрк дүйнөсүнүн интеллектуалдык интеграциясына да өбөлгө түзөт.

Окуу жайыбыз Европа биримдигинин абройлуу Erasmus+ программасынын алкагында көптөгөн европалык өлкөлөрдүн университеттери менен академиялык алмашуу программаларын ишке ашырат. Бул программанын аркасында студенттер бакалавриат жана магистратура программалары боюнча билим алууга, Европада стажировкадан өтүүгө мүмкүнчүлүк алышат. Алар билимин эл аралык чөйрөдө бекемдеп, карьералык максаттарына жетишишет.

Глобалдык кызматташуу тармагын кеңейтүү

Бүгүнкү күндө “Манас” университети 27 өлкөдөн 260тан ашуун университет жана мекеме менен кызматташат. Бул кызматташтык студенттерге ар кайсы аймактарда гана билим алууга мүмкүнчүлүк бербестен, окутуучуларыбызга да орток долбоорлорго, илимий басылмаларга, конференцияларга жана илимий иш-чараларга катышууга шарт түзөт.

Чет өлкөлүк студенттерге бай академиялык чөйрө

Окуу жайыбыз Кыргызстан жана Түркиядан, ошондой эле Азербайжан, Казакстан, Өзбекстан, Түркмөнстан, Монголия сыяктуу өлкөлөрдөн жана боордош коомчулуктардан келген студенттерге бай академиялык чөйрөгө ээ. Мындай ар түрдүүлүк кампуста табигый маданий өз ара аракеттенүү аймагын түзөт жана студенттердин эл аралык маалымдуулугун жана коммуникативдик көндүмдөрүн өнүктүрүүгө өбөлгө түзөт.

Болонья процесси жана академиялык чөйрөдө таанылуу

 “Манас” университети Болонья процессинин принциптерине ылайык түзүлгөн кредиттик баалоо системасынын аркасында Европанын жогорку билим берүү мейкиндигине толугу менен жооп берет. Студенттерге транскрипт, дипломдун тиркемесин жана кош диплом алуу мүмкүнчүлүктөрү аларга ар кайсы өлкөлөрдө окуусун улантууга жана ишкер дүйнөсүндө таанылууга жеңилдик берет.

ЭЛ АРАЛЫК АРЕНАДАГЫ ЖЕТИШКЕНДИКТЕРИБИЗ ЖАНА РЕЙТИНГДЕРДЕГИ ОРДУБУЗ

Аймактык концепцияны дүйнөлүк жетишкендикке айландыруу

Кыргыз-Түрк “Манас” университети – бул эл аралык академиялык коомчулук, өзгөчө түрк дүйнөсү тыкыр көз салып турган жогорку окуу жайы. Акыркы жылдары эл аралык рейтингдик уюмдар тарабынан жүргүзүлгөн баалоо ишинин жыйынтыгы боюнча алынган жетишкендиктер окуу жайыбыздын билим берүү жана изилдөө ишмердүүлүгүн дүйнөлүк стандарттардын деңгээлинде жүргүзүп жатканын айгинелеп турат.

QS рейтингинде орду көтөрүлгөн “Манас” университети

Акыркы төрт жылдан бери дүйнө жүзүндөгү абройлуу университеттердин рейтингдик системаларынын бири болгон QS (Quacquarelli Symonds) World University Rankings рейтингинде алдыңкы 1000 университеттин катарына кирген “Манас” университети Орто Азиянын жана дүйнөнүн мыкты университеттеринин арасынан өз ордун таап, жыл сайын туруктуу өсүүдө. Айрыкча, университет академиялык аброй, студенттердин канааттануу деңгээли жана эл аралык кызматташтык жаатында олуттуу ийгиликтерге жетишти.

Туруктуу өнүгүү жаатында алдыңкы орунда: UI GreenMetric

Окуу жайыбыз UI GreenMetric дүйнөдөгү университеттердин рейтингинде 602-орунга ээ болуп, кампустун туруктуу өнүгүү саясаты, экологиялык иш-чаралар, таштандыларды башкаруу жана жашыл аймактарды пайдалануу сыяктуу критерийлер боюнча алдыга чыкты. Чыңгыз Айтматов атындагы кампустун экологиялык сезимталдуулук менен пландаштырылган түзүмү бул жетишкендикти конкреттештирген маанилүү көрсөткүчтөрдүн бири болуп саналат.

Академиялык ишмердүүлүк жана илимий жетишкендиктер

“Манас” университети илимий басылмаларынын, шилтемелеринин санынын өсүшү, эл аралык конференцияларга катышуусу жана көп дисциплиналардык изилдөө иш-чаралары менен академиялык ишмердүүлүгүнүн деңгээлин жогорулатууда. Академиялык түзүмдөр тарабынан жүргүзүлгөн изилдөө иштери аймактык өнүгүүгө да, дүйнөлүк билим өндүрүүгө да салым кошот.

“Манас” университети жетишкендиктин үлгүсү катары

Бүгүнкү күндө “Манас” университетинин аброюнун өсүшү бул жөн гана рейтингдердеги жетишкендик эмес, ошол эле учурда туура концепциянын, күчтүү материалдык-техникалык базанын, квалификациялуу кадрлардын жана инсанга багытталган башкаруу мамилесинин натыйжасы. Окуу жайыбыз колдогу жетишкендиктери менен чектелбестен, түрк дүйнөсүнүн жогорку билим берүү тармагында дүйнөлүк өкүлү болууга чечкиндүү кадамдарды таштоодо.

КАРЬЕРА ЖАНА БҮТҮРҮҮЧҮЛӨРДҮН ЖЕТИШКЕНДИКТЕРИ

"Манас" университетинин бүтүрүүчүсү жөн гана жумуш таппайт, ал багыт берет.

Кыргыз-Түрк “Манас” университети – бул сапаттуу жогорку окуу жайы гана эмес, бүтүрүүчүлөрдүн жетишкендиктери менен сыймыктанган жана бааланган күчтүү билим берүүнүн экосистемасы. “Манас” университетин аяктаган ар бир студент өзүнүн билими, көп тилдүү когнитивдик көндүмдөрү жана маданий сезимталдыгы менен иш дүйнөсүндө, мамлекеттик сектордо жана академиялык чөйрөдө айырмаланып турушат.

Бүтүрүүчүлөрүбүз кайда?

Бүгүнкү күндө бүтүрүүчүлөрүбүз Кыргызстанда, Түркияда, Азербайжанда, Казакстанда, Өзбекстанда, Түркмөнстанда, Орусия Федерациясында жана Европа өлкөлөрүндө мамлекеттик мекемелерден жеке секторго чейин, медиа уюмдарынан өкмөттүк эмес уюмдарга чейин, эл аралык түзүмдөрдөн академиялык карьера чөйрөлөрүнө чейин ар кандай тармактарда иштешет. Биздин бүтүрүүчүлөр өздөрү келген өлкөлөрдүн, ошондой эле түрк дүйнөсүнүн орток өкүлдөрү катары да өздөрүн таанытып, жеке ийгиликтери менен гана эмес, алып жүргөн баалуулуктары менен да алдыга чыгышат.

Бүтүрүүчүлөрдү көзөмөлдөө системасы менен күчтүү байланыш

Окуу жайыбыз бүтүрүүчүлөр менен жөн гана символикалык деңгээлде байланышта болбостон, алардын карьералык жолун бүтүрүүчүлөрдү көзөмөлдөө системасы жана үзгүлтүксүз сурамжылоо жүргүзүү аркылуу көзөмөлдөйт. Бул системанын аркасында бүтүрүүчүлөрдүн жумуш менен камсыз болуу абалы, иштөө чөйрөлөрү жана канааттануу деңгээли тынымсыз бааланып, алардын окуу процесси боюнча ой-пикирлери түздөн-түз академиялык түзүмдөргө келип түшөт. Бүтүрүүчүлөрүбүздүн 85%ы өз адистиги боюнча жумушка орношкону бул системанын натыйжалуулугун жана “Манас”  университетинин бүтүрүүчүлөрүнүн артыкчылыгын айгинелейт.

Карьераны пландоо жана ишкердикти колдоо

Окуу жайыбызда иш алып барган Карьераны өнүктүрүү борбору студенттерге кесиптик багыт алууга жардам берет, алардын стажировкадан өтүү жана жумуш издөө процесстерин багыттайт. Жыл сайын уюштурулган карьера күндөрү, бүтүрүүчүлөрдүн жолугушуусу, иш берүүчүлөр менен жолугушуулар студенттерди жана ар кандай тармактардын өкүлдөрүн бириктирип, чыныгы жашоо менен билим берүүнүн ортосунда көпүрө түзөт. Мындан тышкары, ишкердик маданиятын шыктандыруу үчүн долбоорлорду колдоо программалары жана бизнес-идеяларды иштеп чыгуу боюнча мастер-класстар уюштурулат.

Кош диплом жана эл аралык сертификаттоо

Программалардын алкагында сунушталган кош диплом алуу мүмкүнчүлүгү бүтүрүүчүлөргө Кыргызстанда да, Түркияда да таанылган дипломго ээ болууга мүмкүндүк берет, бул алардын эл аралык атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатат. Мындан тышкары, ар кандай тармактарда эл аралык сертификаттоо программаларына катышуу шыктандырылат жана бул сертификаттар бүтүрүүчүлөргө эмгек рыногунда өзгөчөлөнүүгө өбөлгө түзөт.

Ийгиликке карай жолдо күчтүү өкүлчүлүк

“Манас” университетинин бүтүрүүчүлөрү – бул карьералык максаттарына жеткен инсандар гана эмес, ошондой эле түрк дүйнөсүнүн орток баалуулуктарын чагылдырган маданият элчилери. Алар өздөрүнүн билими, дүйнө таанымы жана мамилелери менен орток келечегибизди түзгөн өрнөктүү инсандар катары кабыл алынат. Буга байланыштуу, ар бир бүтүрүүчүбүз “Манас” университетинин эл аралык аренадагы жүзү, анын концепциясынын алып жүрүүчүсү жана анын ийгилигинин табигый натыйжасы болуп саналат.

СТУДЕНТТЕР ЭМНЕ ДЕШЕТ?

Биз чогуу өсөбүз жана чогуу жетишкендиктерге жетебиз

Кыргыз-Түрк “Манас” университетинде окуу - бул жакшы билим алуу гана эмес, кайсы бир иденттүүлүккө, дүйнө таанымына ээ болуу жана орток келечек тууралуу кыялдануу. Бул окуу мөөнөтү менен гана чектелбейт, биздин студенттер окууну аяктагандан кийин да “Манас” үй-бүлөсүнүн бир бөлүгү болуп кала беришет.

Учурда биздин бүтүрүүчүлөр Кыргызстанда, Түркияда жана бүткүл дүйнөнүн төрт бурчунда мамлекеттик мекемелерде, университеттерде, жеке сектордо жана эл аралык уюмдарда жогорку кызматтарды ээлеп келишет. Алардын көп тилдүү коммуникативдик көндүмдөрү, дисциплиналар аралык билими жана маданий маалымдуулугу аларды ийгиликтүү адистер гана эмес, өздөрү таандык болгон коомдун өкүлдөрү кылып көрсөттү.

Биздин студенттердин ой-пикирлери - бул таандык болуу сезиминин күчтүү көрсөткүчү:

“Манас” университети мага кесип гана эмес, иденттүүлүк да тартуулады. Бул жерде өздөштүргөн билимдин аркасында келечекке ишенимдүү кадамдар менен баратамын” (Туризм факультетинин бүтүрүүчүсү - Казакстан).

“Ар кайсы өлкөдөн келген студенттер менен бир чатырдын астында болуу мага көп нерсе берди. Алардын маданияты менен таанышуу аркылуу мен башкалардын маданиятын да таанып билүүгө мүмкүнчүлүк алдым” (Коммуникация факультетинин студенти - Түркия).

 “Манас” университетинин бүтүрүүчүсү болуу - ишкердик үчүн артыкчылык. Эл аралык мекемелер менен болгон жолугушууларда университетте алган билимимдин канчалык күчтүү экени дароо байкалат" (Экономика жана башкаруу факультетинин бүтүрүүчүсү - Кыргызстан).

“Окуу процессинде ар дайым колдоо көрдүм. Студенттердин өкүлү катары жетекчилик менен түздөн-түз байланышта болгонубуз өзүбүздү чындап баалуу экенибизди сездирди” (Инженерия факультетинин студенти - Түркмөнстан).

“Манас” университети мага диний билим гана бербестен, ишеним менен ой жүгүртүүнү, салттарды жана инновацияларды айкалыштырган көз карашты да тартуулады. Бул университетте тарбия алуу Кыргызстандын да, түрк дүйнөсүнүн да орток руханий мурасын таануу дегендик" (Теология факультетинин бүтүрүүчүсү - Өзбекстан).

“Манас” университетинин бүтүрүүчүсү болуу – бул өзгөчө түрк дүйнөсүнүн өлкөлөрүндө кайсы бир иденттүүлүккө ээ болуу. Бул университет мага таандык болуу сезимин тартуулады" (Көркөм өнөр факультетинин бүтүрүүчүсү - Казакстан).

“Бир эле учурда эки тилди үйрөнүү, үчүнчү тилди өнүктүрүү жана ар кандай улуттагы студенттер менен бир чатырдын астында болуу… Мунун баары “Манас” университетинде гана мүмкүн. Бул университет мага билим гана эмес, жашоо образын да тартуулады” (Табигый илимдер факультетинин студенти - Түркия).

Бул ой-пикирлер “Манас” университетинин жөн гана окуу жайы эмес, жашоону калыптандырган тажрыйба алуу чөйрөсү экенин ачык көрсөтүп турат.

“Манас” университетинде ар бир студент инсан катары бааланат; ар бир бүтүрүүчү – ийгилик тарыхынын бир бөлүгү.

КОРУТУНДУ: “МАНАС” УНИВЕРСИТЕТИНДЕ КЕЛЕЧЕКТИ КУРУУ

Кыргыз-Түрк “Манас” университети - түрк дүйнөсүнүн орток идеалдарын илимий негизде бириктирген жана академиялык мыктылыкты маданий жоопкерчилик менен айкалыштырган алдыңкы жогорку окуу жайы. Заманбап материалдык-техникалык базасы, квалификациялуу профессордук-окутуучулук курамы, көп тилдүү билим берүү модели жана эл аралык кызматташтыктары аркылуу өз студенттерине диплом гана эмес, дүйнөлүк масштабдагы дүйнө таанымын да тартуулайт. Окуу жайыбыздагы университеттик билим берүү тамыры терең иденттүүлүккө ээ инсандарды тарбиялоо, түрк дүйнөсүн орток келечектин багытында бириктирүү, билимдүү жана жоопкерчиликтүү жаш муундарды даярдоо максатын көздөйт.

ЭМНЕ ҮЧҮН “МАНАС” УНИВЕРСИТЕТИ?

АНТКЕНИ

 “МАНАС” УНИВЕРСИТЕТИНИН БИР БӨЛҮГҮ БОЛУУ – БУЛ ЖӨН ГАНА ОКУУ ЖАЙДЫН ЭМЕС, БУЛ БИР МИССИЯНЫН,  ЦИВИЛИЗАЦИЯЛЫК КЫЙМЫЛДЫН ЖАНА ТҮРК ДҮЙНӨСҮНҮН ОРТОК КЕЛЕЧЕГИНИН БИР БӨЛҮГҮ БОЛУУ”

    Социалдык медиада бөлүшүү