“Манас” университетинде “Сапатты башкаруу системасы” боюнча окутуулар башталды


  • 2023-04-25

Түрк стандарттары институтунун (TSE) Сертификациялоо борборунун башкармалыгы тарабынан TS EN ISO 9001: 2015 Сапатты башкаруу системасынын алкагында 2023-жылдын 24-26-апрелинде университетте өткөрүлө турган тренингдердин алдында тааныштыруу жыйыны болуп өттү.

Ректораттын жыйындар залында өткөн чогулушка Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин биринчи проректору, э.и.к. Каламбекова Бактыгүл Рысбаевна, проректор проф., док. Мехмет Сезаи Түрк, TSE башкы аудитору Расим Йылмаз, Билим берүүнү пландоо жана координациялоо башкармалыгынын адиси проф., док. Кадир Яшар Эфендиоглу жана КТМУнун Сапат менеджменти боюнча өкүлү, проф., док. Кадир Ардыч жана сапатты башкаруу өкүлчүлүгүнүн өкүлдөрү катышты.

TSE адистери “Манас” университетинде “Сапатты башкаруу системасынын негиздери жана документация боюнча маалыматтык тренинг”, “Тобокелдиктерге негизделген процессти башкаруу боюнча тренинг” жана “Сапатты башкаруу системасы боюнча (TS EN ISO 9001:2015) ички аудитти окутуу” боюнча окутууларды өткөргөндөн кийин 2 күн бою аудит жүргүзүшөт.

 

ММК жана коомчулук менен байланышуу бѳлүмү

    Социалдык медиада бөлүшүү