КТМУда эл аралык студенттик илимий конференция ѳттү


  • 2023-04-27

Үстүбүздѳгү жылдын 27-апрелинде Кыргыз-Түрк “Манас” университетинде экономика жана башкаруу факультетинин экономика бөлүмү тарабынан "Дүйнөнүн өзгөрүү шарттарында өлкөлөрдүн экономикалык өнүгүүсү" аттуу XIII эл аралык студенттик илимий-практикалык конференция болуп ѳттү.

Иш-чара онлайн жана оффлайн режиминде ѳтүп, ага Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан жана Россиянын жогорку окуу жайларынын студенттери катышты.

Конференцияда  1 онлайн, 4 офлайн секция иш алып барды жана 53 илимий баяндама окулду.

Бул илимий конференциянын максаты - дүйнѳнүн ѳзгѳрүп жаткан шарттарында ѳлкѳлѳрдүн макроэкономикалык абалын жана экономикалык саясатын талкулоо менен студенттерди илимий изилдѳѳ иштерин жүргүзүүгѳ шыктандыруу жана чыгармачыл дараметин ѳнүктүрүү болду.

 

ММК жана коомчулук менен байланышуу бѳлүмү

    Социалдык медиада бөлүшүү