Театр эстетикасынын көп түрдүүлүгү жана кадр даярдоонун методологиясын жаңылоо боюнча эл аралык илимий конференция өттү


  • 2023-05-18

Үстүбүздѳгү жылдын 17-майында Кыргыз -Түрк "Манас" университетинде “Театр эстетикасынын көп түрдүүлүгү жана кадр даярдоонун методологиясын жаңылантуу” деген аталышта эл аралык илимий - практикалык конференция болуп өттү.

Иш-чара окуу жайдын кѳркѳм ѳнѳр факультетинин театралдык искусство бѳлүмү тарабынан уюштурулуп, ага КМТУнун ректору, профессор Алпаслан Жейлан, биринчи проректору, э.и.к Бактыгүл Каламбекова, ТҮРКСОЙ уюмунун башкы катчысы Султан Раев, "Дэм" театрынын жетекчиси Назым Мендебаиров баштаган театр ишмерлеринин жоон тобу катышты. Андан сырткары, конференцияга Казакстан, Өзбекстан, Түркия жана Орусия өлкөлөрүнөн келген коноктор баяндама жасады.

Конференцияда дүйнөлүк театр искусствосунда көркөм эстетикалык жактан тынымсыз өзгөрүүлөр болуп жатканы айтылды. Ошондой эле, азыркы учурда саунддрама, вербатим, перформанс, стендап ж.б.у.с.багыттар сахна искусствосунда лидерлик абалга чыга баштаганы белгиленди.

Андан сырткары иш чаранын катышуучулары келечекте жаш кадрларды даярдоодо комплекстүү жаңылануу зарылдыгы жаралып жатканын айтышты. Алардын айтымында, мурдагы түзүлгөн методология менен окутуу азыркы учурдун башкача айтканда замандын талабына жооп бербейт.

Жыйында соңунда театр кадрларын даярдоодогу окутуу методологиялык принциптерин жаңылап чыгуу керек деген бүтүмгө келишти. Театр ишмерлеринин пикири боюнча ал төмөнкү 3 факторду камтышы керек.

1. Окутуп тарбиялоочу кесиптик предметтерге акыркы 90-жылдагы театр эстетикасындагы өзгөрүүлөрдү активдүү киргизүүнү ишке ашыруу;

2. Теориялык предметтерге театрдын эстетикалык көп моделдүүлүн болочок кесип ээлеринин аң сезимине жеткирүү;

3. Актёрдук кесипке дене тарбия маданиятынын ролу өмүр бою баа жеткис орунда турарын түшүндүрүү.

Мына ушул учурларды эске алуу менен билим берүү программасынын жаңыртылган вариантын иштеп чыгуу бүгүнкү күндүн актуалдуу маселеси экенин баса көрсөтүштү.

Конференцияда жалпысынан 2 отурум иш алып барды жана анда 9 илимий баяндама окулду.

 

ММК жана коомчулук менен байланышуу бѳлүмү

Haber fotoğrafları: https://www.instagram.com/p/CsWHgLNtOAZ/?igshid=MzRlODBiNWFlZA==

    Социалдык медиада бөлүшүү