КТМУда "Эмерек дизайны, архитектуралык макетти долбоорлоо жана колго жасалган балдардын оюнчуктары" көргөзмөсү өттү


  • 2023-05-25

Үстүбүздөгү жылдын 24-майында Кыргыз-Түрк "Манас" университетинде "Эмерек дизайны, архитектуралык макетти долбоорлоо жана колго жасалган балдардын оюнчуктары" аттуу көргөзмө болуп өттү. Иш-чара аталган окуу жайдын Кесиптик жогорку мектебинин демилгеси менен уюштурулган.

Көргөзмөдө "Имараттарды куруу жана эксплуатациялоо", "Жыгач иштетүүнүн технологиясы, эмеректер дизайны жана конституциялоо", "Мектепке чейинки билим берүү" программалары боюнча 1-2- курстун студенттеринин эмгектери көрсөтүлдү.

Белгилей кетсек, ага окутуучу Мустафа Өжалдын жетекчилиги астында 2-курстун студенттери "Жыгач иштетүүнүн технологиясы, эмеректер дизайны жана конструкциялоо" программасы боюнча эң сонун интерьердик дизайндарды тартуулашты. Тагырак айтканда, дарыкана, бала бакча, оорукана, кинотеатр, кафе, мейманкана, үй жана үйдүн ар кайсы бөлмөлөрүн заманбап стилде Скетчап, 3D Max программасында жасашкан.

Ал эми "Имараттарды жана курулмаларды куруу жана эксплуатациялоо" тематикасы боюнча доцент Гүлмира Ажыгулованын студенттери заманбап дизайнда салына турган имараттардын макетин түзүп чыгышкан.

Аны менен катар көргөзмөдө "Мектепке чейинки билим берүү" программасы боюнча ага окутуучу Гүлзаада Абдралиеванын жетекчилиги астында кийиз, жыгач, кагаздан жасалган (китепче, оригами, квиллинг ж.б.) буюмдар орун алды. Алар балдардын моторикасын, ой жүгүртүүсүн, жөндөмдүүлүгүн өнүктүрүүгө багытталып жасалган.

Иш-чарага КТМУнун ректору, профессор Алпаслан Жейлан катышып, көргөзмөгө коюлган ар бир эмгекке өз баасын берди. Ошондой эле, Кесиптик жогорку мектептин директору Махмут Вуралга ыраазычылыгын билдирип, окутуучулар менен студенттерге ийгилик каалады.

Соңунда ректор Алпаслан Жейландын сунушу менен көргөзмөдөгү балдарга арналып жасалган буюмдар Түркия Республикасындагы жер титирөөдөн жабыр тарткан балдарга жөнөтүлмөк болду.

 

ММК жана коомчулук менен байланышуу бөлүмү

Haber fotoğrafları: https://www.instagram.com/p/Csn_ityRNrH/?igshid=MTc4MmM1YmI2Ng==

 

 
    Социалдык медиада бөлүшүү