Кыргыз-Түрк “Манас” университетинен Түштүк Африкага жол


  • 2023-05-30

Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Экономика жана башкаруу факультетинин деканынын орун басары, доцент Сезер Бозкуш Кахьяоглу 2023-жылдын 10-21-апрелинде Түштүк Африка университетинде (UNISA) катталган жана аталган өлкөнүн Каржы министрлиги тарабынан колдоого алынган жасалма интеллектке негизделген аралыктан аудиттин биргелешкен долбоорунда - CAPIA (Мамлекеттик сектордун ички аудитинде үзгүлтүксүз аудит) долбоорунун консультанты катары аталган өлкөдө илимий изилдөөлөрдү координациялады. Ошону менен бирге UNISA нын 150 жылдыгына карата өткөрүлгөн иш-чарада коомчулукка жана жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу ачык болгон конференцияда жакшы тажрыйбанын үлгүсү катары “Мамлекеттик сектордо акылдуу аудит үчүн жасалма интеллект перспективасы” аттуу эмгегин сунуштады.

CAPIA долбоору Түштүк Африка мамлекетин институционалдаштыруу жана анын инфраструктурасын блок-чынжыры жана жасалма интеллектке негизделген санариптештирүү, ошондой эле эл аралык стандарттарга ылайык аудит жана тобокелдиктерди башкаруу жана бизнес процесстери жагынан өзгөчө маани берет. Долбоорго бир нече университет көмөк көрсөттү. Алардын ичинде Кыргыз-Түрк “Манас” университети дагы бар. 

Билим жана тажрыйба алмашуунун алкагында 2020-жылы башталган бул долбоорго катышып жаткан доцент Сезер Бозкуш Кахьяоглу бир эле мезгилде UNISAнын финансылык башкаруу бөлүмүнүн академиялык өнөктөшү катары дагы катышууда. Бул академиялык сапар аркылуу университетибиз Түштүк Африканын маалымат каражаттарында жарыяланып, коомчулуктун кызыгуусуна арзыды.

Бул иш-аракеттер аркылуу Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин интернационалдашуусуна жана Кыргызстандын дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүнө таанылышына салым кошулууда.

 

ММК жана коомчулук менен байланышуу бѳлүмү

    Социалдык медиада бөлүшүү