КТМУда 2023-жылдын жыйынтыгы боюнча административдик жыйын болуп өттү


  • 2023-05-31

2023-жылдын 30-майында ректор, профессор Алпаслан Жейландын катышуусу менен Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин 2023-жылдын жыйынтыгы боюнча административдик жыйын болуп өттү.

Жыйын башында университеттин административдик иштери, өзгөрүүлөр жана жаңылануулар туурасында промо-ролик көрсөтүлдү. Анын артынан TRT Belgesel каналы тарабынан тартылган "Балам үчүн" аттуу даректүү тасма тартууланды. Тасмада мүмкүнчүлүгү чектелген Токтобүбүнүн "Манас" университетине келүү, окуу жай менен таанышып чыгуу кыялы орундалганы чагылдырылган.

Андан кийин жылдын жыйынтыгы боюнча баяндаманы университеттин башкы катчысы, доцент Октай Өзгүл жасады, ал профессор Алпаслан Жейлан ректор болгон күндөн тарта аткарылган маанилүү иштер жана өзгөрүүлөр тууралуу айтып берди. Октай Өзгүл бардык кызматкерлердин жигердүү иштөөсүнүн натыйжасында университетте олуттуу өнүгүү байкалганын белгиледи. Башкы катчы университетте аткарылган түрдүү иш-чаралар жана статистикалык көрсөткүчтөр тууралуу баяндама жасаган соң, ректор Алпаслан Жейланга сөз берди.

Ректор өз сөзүн жалпы жамаатка ыраазычылык билдирүү менен баштап: "Кызмкатка дайындалган күндөн бери өз ара түшүнүү жана биримдик ичинде талыкпай эмгектенип келе жатасыздар, сиздерге ыраазычылык билдирем", - деди. Ал ошондой эле жыл бою бардык факультеттерди кыдырып, кемчиликтер жана муктаждыктар тууралуу маалымат топтоп, аларды чечүү үчүн бардык аракеттерин жумшай турганын кошумчалады.

Ректор жыйындын жүрүшүндө жамааттын арыз, сунуштарын угуп, суроолорго жооп берип сөзүн аяктады.

Жыйындын соңунда административдик кызматкерлер үчүн ректорат тарабынан фуршет уюштурулду.

 

ММК жана коомчулук менен байланышуу бѳлүмү

Haber fotoğrafları: https://www.instagram.com/p/Cs539iRNFX/?igshid=MzRlODBiNWFlZA==

 

    Социалдык медиада бөлүшүү