Кыргызстандын Альпинизм федерациясынын ѳкүлдѳрү «Манаста»


  • 2023-06-01

2023-жылдын 31-майында Кыргыз Республикасынын Альпинизм жана аскага чыгуу федерациясынын вице-президенти Марина Гальцова, альпинизм боюнча машыктыруучу Николай Гудник, ошондой эле федерациянын мүчөлөрү жана “Манас” университетинин бүтүрүүчүлөрү Мирболот Койчуманов, Төрөбек Жунусов жана Дария Абдиметалиева Кыргыз-Түрк “Манас” университетине келип, окуу жайдын ректору, профессор Алпаслан Жейлан менен жолугушту.

Жолугушууда федерациянын ѳкүлдѳрү июнь айынын аягында Түркиянын Агры тоосунун чокусуна чыгууну пландаштырып жатышканын жана анда “Манас” университетинин желегин да желбиретүүнү каалагандарын айтышты.

Ошондой эле  ректор Алпаслан Жейланга жылуу кабыл алуусу жана «Манас» университетинин спортко көрсөтүп жаткан колдоосу үчүн ыраазычылыктарын билдиришти. Мындан тышкары федерациянын президенти Эдуард Кубатовдун саламын жана жылуу каалоолорун жолдоп, анын «Мой Эверест» аттуу китебин тапшырышты.

Окуу жайдын ректору, профессор Алпаслан Жейлан федерациянын ѳкүлдѳрүн жылуу кабыл алып, «Манас» университети спорттун ѳнүгүшүнѳ ѳз салымын кошуп жатканын жана Дүйнѳлук университеттер арасында “Манаста” биринчи болуп Салттуу спорт оюндарынын аянты ачылганын баса белгилеп айтты. Ошондой эле университеттин студенттери Альпинизмди изилдөө, куткаруу жана биринчи жардам берүү клубун түзүү жана федерация менен бирге кызматташуу максаттары бар экенин билдирди.

Ошондой эле бул жолугушуу спорт жана альпинизм тармагындагы кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүгө карай маанилүү кадам болгонун кошумчалады.

Жолугушуудан кийин федерациянын ѳкүлдѳрү университеттин «Медиа Манас» борбору менен таанышып, студенттер менен да жолугушту.

 

ММК жана коомчулук менен байланышуу бѳлүмү

https://www.instagram.com/p/Cs6loccNC5x/?igshid=MzRlODBiNWFlZA==

    Социалдык медиада бөлүшүү