"Манас" университетинде "Адамдык сезимдер" аттуу сүрөт көргөзмөсү өттү


  • 2023-06-02

Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин Көркөм өнөр факультетинин Сүрөт искусствосу бөлүмүнүн ага окутуучулары Сезер Эрдоган жана Айгүл Бадахшанованын жетекчилиги менен студенттер тарабынан "Адамдык сезимдер" аталышындагы заманбап инсталляция көргөзмөсү уюштурулду.

Көргөзмө КТМУнун Курманжан Датка атындагы сүрөт галереясында өттү.

Анда студенттер тарабынан заманбап искусство ыкмасы менен жасалган Чыңгыз Айтматовдун, Мустафа Кемал Ататүрктүн портреттери жана сезимдерди чагылдырган сүрөттөр көргөзмөгө келгендердин көңүлүн бурду.

Сүрөт искусствосу бөлүмүндө инсталляция сабагы милдеттүү жана тандоо сабагы катары окутулат. Анда студенттерге теориялык билимдер берилип, көндүмдөрүн өнүктүрүү максатында практикалык иштер жасалат.

Иш-чаранын негизги максаты студенттердин чыгармачылык потенциалын өнүктүрүү жана искусство сүйүүчүлөрүнө жаңы искусство түрүн жайылтуу болуп саналат.

Көргөзмөнүн ачылышында Көркөм өнөр факультетинин деканы, доцент Анарбек Ибраев катышуучуларга төмөнкүдөй кайрылды: "Адамдарды ойлонтуу жана ички сезимдерин байытуу максатында уюштурулган "Адамдык сезимдер" көргөзмөбүзгө кош келиңиздер. Көргөзмөбүздүн максаты студенттердин өзгөчө эмгектери менен искусство сүйүүчүлөрүнө тааныштыруу болуп саналат. Бул долбоор аркылуу студенттерибиз сабактарда алган теориялык билимдерин практикада колдонууга мүмкүнчүлүк алышты”.

"Көргөзмө экиге бөлүнөт. Биринчисинде инсталляциялык эмгектер коюлган. Экинчиси заманбап искусство ыкмасы менен жасалган эмгектерден турат. Искусство эмгектерибиздин көпчүлүгү жазуучу Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларынан шыктанып жасалды. Баарыңыздарга жагымдуу маанай каалайм",- деди факультеттин ага окутуучусу Сезер Эрдоган.

Көргөзмөгө университетибиздин Башкы катчысы доцент, доктор Октай Өзгүл, Көркөм искусство факультетинин деканы, доцент Анарбек Ибраев, декандын орун басары Себахаттин Сиврикая, ошондой эле маданият жана искусство адамдары, университеттин окутуучулары, студенттер жана медиа өкүлдөрү катышты. Өзгөчө стилдеги сүрөт көргөзмөсүнүн катышуучулары жаңы маалыматтарга ээ болушту. Алар студенттердин эмгектерине жогорку баа беришип, көргөзмөдөн ырахат алып кетишти.

Мындай иш-чаралар студенттердин жаратмандык мүмкүнчүлүктөрүн өркүндөтүүгө багытталган. Ошондой эле искусство жаатында жаңы байланыштарды түзүүгө өбөлгө болот.

Аталган заманбап искусство көргөзмөсү 6-июнга чейин уланат.

 

ММК жана коомчулук менен байланышуу бѳлүмү

Haber fotoğrafları: https://www.instagram.com/p/Cs-6SnSt7U5/?igshid=MzRlODBiNWFlZA==

    Социалдык медиада бөлүшүү