Ректор эң көп китеп окуган студенттерди сыйлады


  • 2023-06-03

Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин ректору, профессор Алпаслан Жейлан Китепкана жана иш кагаздар башкармалыгынын статистикалык маалыматына ылайык, 2022-2023-окуу жылында эң көп китеп окуган төрт студентке сыйлык тапшырылды.

Гуманитардык факультетинин философия бөлүмүнүн студенти Айсезим Марлен кызы университет боюнча эң көп китеп окуган студент болгон. Ал 91 китеп окуп биринчи орун алган. Андан кийинки орунду 69 китеп окуган Экономика жана менеджмент факультетинин менеджмент бөлүмүнүн студенти Гүлзар Шайлообай кызы ээледи. Ал эми Табигый илимдер факультетинин биология бөлүмүнүн студенти Фарзона Сайфидинова 67 китеп окуп үчүнчү орунду алган. Ошондой эле электроника бөлүмүнүн студенти Нурдөөлөт Жамбилов 65 китеп окуп сыйлыкка татыган.

Ректор Алпаслан Жейлан мындай сыйлыкты атайын студенттердин билимге болгон кызыгуусун күчөтүү жана алган билимин андан ары өркүндөтүү максатында уюштурулганын белгиледи.  Ал студенттер бош убакыттарында китеп окуу аркылуу өздөрүн түрдүү багытта өнүктүрүүсү керектигин кошумчалай кетти.

Мындай иш-чара университетте билим алган жаш студенттердин китеп окуу адатын пайда кылуу, билимге болгон аракеттерине түрткү берүү максатында уюштурулду.

 

ММК жана коомчулук менен байланышуу бѳлүмү

Haber fotoğrafları:

https://www.instagram.com/p/Cs8vQU6NYg4/?igshid=MTc4MmM1YmI2Ng==

 
    Социалдык медиада бөлүшүү