Жыл жыйынтыгы, алдыдагы пландар. "Манас" университетинде академиялык жалпы жыйын өттү


  • 2023-06-03

2023-жылдын 2-июнунда Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Конгресс жана маданият борборунда 2022-2023-окуу жылынын жыйынтыгы боюнча бириккен академиялык жалпы жыйыны болуп өттү.

Жыйын башында университеттин таанытуу тасмасы көрсөтүлдү. Анын артынан Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин колдоосу менен TRT Belgesel каналы тарабынан тартылган "Балам үчүн" аттуу даректүү тасма тартууланды. Тасмада мүмкүнчүлүгү чектелген Токтобүбүнүн "Манас" университетине келүү, окуу жай менен таанышып чыгуу кыялы орундалганы чагылдырылган.

Биринчи проректор, э.и.к. Бактыгүл Каламбекова жыйынды ачып жатып: “Университетибиз өнүгүү жолунда күн сайын илгерилеп бара жатат. 2022-2023-окуу жылында аткарылган иштер жана алдыда аткарыла турган пландарды талкуулоо үчүн чогулдук. Биз биргеликте университетибизди мындан да жогорку деңгээлге көтөрүп, жаңы ийгиликтерди багындырабыз”, - деди.

Андан соң ректор, профессор Алпаслан Жейлан өз баяндамасында “Манас” университетинин ар кайсы тармактагы ийгиликтери, окутуучулардын ийгиликтери тууралуу статистикалык маалыматтар менен бөлүштү. Университет ректору “Манас” университетинин эл аралык деңгээлдеги орду жана аны мындан ары да жогорку деңгээлге көтөрүү боюнча аткарылган иштер жана аткарыла турган долбоолор тууралуу кеңири баяндап берди. Ал ошондой эле бул окуу жылында көптөгөн ийгиликтерди жараткан окутуучуларга ыраазылык билдирип, кийинки окуу жылында да көптөгөн мыкты пландар ишке ашарына ишенерин кошумчалады.

Жыйын дээрлик эки саатка созулду. Анын аягында Түркияда биринчи жолу өткөрүлгөн ири авиация, космос жана технология TEKNOFEST фестивалынын Айыл чарба технологиялары жарышында алдыңкы орунду ээлеген профессор Али Ширванлыга жана жигердүү иш алып барган бир катар окутуучуларга ардак грамоталар тапшырылды.

Жыйында Кыргыз-Түрк “Манас” унивеситетинде аткарылган иштер, пландалган долбоолор талкууланды жана соңунда адакемиялык кызматкерлер үчүн ректорат тарабынан фуршет уюштурулду.

 

ММК жана коомчулук менен байланышуу бѳлүмү

Haber fotoğrafları:

https://www.instagram.com/p/Cs_luVdNAJ6/?igshid=MTc4MmM1YmI2Ng==

 
    Социалдык медиада бөлүшүү