Агартуучуларыбыз 3 айлык окуу жана тажрыйба алмашуу программасын аяктап келишти


  • 2023-06-04

Экономика жана башкаруу факультетинин экономика жана менеджмент бөлүмүнүн окуу планындагы сабактардын 30%ын англис тилинде окутуу мерчемделген. Буга байланыштуу менеджмент бөлүмүнүн доц.м.а., PhD Сейил Нажимудинова, экономика бөлүмүнүн доц.м.а., PhD Жунус Ганиев жана доц.м.а., PhD Дамира Байгонушова үстүбүздөгү жылдын 19-февралынан 18-майына чейин англис тилин үйрөтүүдөгү кесиптик тажрыйбаларын жогорулатуу максатында Түркиянын Гебзе университетинде 3 айлык окуу жана тажрыйба алмашуу программасын аяктап келишти. 

Окуу жана тажрыйба алмашуу учурунда Сейил Нажимудинова бакалавриат программасында “Бизнеске киришүү”, “Бизнес этикасы”, “Адам ресурстарын башкаруу” жана магистратура программасында “Стратегиялык менеджмент” сабактарына катышып, 1-курстун студенттерине “Бизнестеги миссия деген эмне жана аны аныктоонун критерийлери” деген темада англис тилинде сабак берди.

Ал эми Жунус Ганиев бакалавриат программасында «Менеджменттин негиздери”, “Эл аралык менеджмент” жана “Экономикага киришүү” курстарына катышып, 3-курстун студенттерине “Эл аралык валюта системасы” деген темада англис тилинде сабак өттү. Ошондой эле “Экономика” бөлүмүнүн профессордук-окутуучулук курамына жана студенттерине Кыргызстандын мисалында “Өткөөл экономикадагы тышкы карыз жана экономикалык өсүш” аттуу семинар уюштурду.

Байгонушова Дамира бакалавриат программасында «Менеджменттин негиздери”, “Эл аралык бизнес” жана “Экономика” курстарына угуучу катары катышкан.

 

ММК жана коомчулук менен байланышуу бөлүмү

Haber fotoğrafları:

https://www.instagram.com/p/CtCJ25yNCbz/?igshid=MTc4MmM1YmI2Ng==

    Социалдык медиада бөлүшүү