"Манас" университети өзбекстандык жаштарга сапаттуу билим алуу мүмкүнчүлүгүн сунуштады


  • 2023-06-06

5-июнда Өзбекстандын борбор калаасы Ташкент шаарында Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин ректору, профессор Алпаслан Жейлан жана проректор, профессор Мехмет Сезаи Түрк университет тууралуу маалымат жыйын өткөрдү.

Ага абройлуу "Анадолу" агенттиги, TRT Avaz баш болгон медиалар менен бирге Өзбекстандын мамлекеттик каналдары жана ЖМК өкүлдөрү, Азербайжандын маалымат агенттиктери жана көптөгөн журналисттер катышты. Алар "Манас" университети тууралуу маалымат жыйынды чагылдырып беришти.

Маалым жыйындын башында ректор Алпаслан Жейлан "Манас" университети тууралуу презентация жасап, университеттин Түрк дүйнөсүндөгү, Орто Азиядагы маанилүү ролу жана бүгүнкү күнгө чейин аткарылган иштер тууралуу баяндама жасады.

"Биздин Ташкент шаарына келишибиздин негизги максаты өзбекстандык жаштар үчүн Орто Азиядагы алдыңкы университеттердин бири болгон "Манас" университетинде акысыз билим алуу мүмкүнчүлүгүн берүү болуп саналат. Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы "алтын көпүрө" болгон университетибизде 20га жакын өлкөдөн келген 6500 миңден ашуун студент акысыз билим алууда. Университетибиз 12 факультет, бир жогорку мектеп, бир кесиптик мектептен туруп, студенттердин билим алуусу үчүн бардык заманбап шарттар камсыз кылынган. Албетте, мыкты окуган жаштарыбыз үчүн стипендия да төлөнөт. Биздин университет дүйнөдөгү эң мыкты 1000 университеттин катарында жана биз бул көрсөткүч менен токтоп калбай жогорку денгээлге чыгуу максатын койгонбуз",- деди ректор.

Ректор Алпаслан Жейлан "Манас" университетинде билим алган өзбек жаштарынын саны жетишсиз экенин белгилеп төмөнкүлөргө токтолду: "Бизди "Манас" университетинде билим алган өзбекстандык жаштардын саны канааттандырган жок. Боордош Өзбекстандан 100дөн ашуун студент билим алат. Биз бул көрсөткүчтүн көп болушун каалайбыз. Ошондуктан сапаттуу билим берген, Түрк дүйнөсүнүн уюткусу болгон "Манас" университетинде көп сандаган өзбек жаштарынын да билим алышына тилектешпиз".

Ректор мындан тышкары Түрк дүйнөсүнүн жаңы доору башталганын белгилеп, "Манас" университетин жаңы доордо түрк жаштарынын билим ордосуна айлантуу негизги максаттардан экенин кошумчалады.

ММК жана коомчулук менен байланышуу бѳлүмү

Manas Televizyonu, TRT Avaz

https://youtu.be/7dL1OE151_0

http://mediamanas.kg/lang-ky/4966-manas-niversitesi-zbekistanda-tantld.html

    Социалдык медиада бөлүшүү