Дени сак коомду аялдар гана пайда кылат. "Манас" университетинде аялдардын ден соолугуна арналган илимий конференция өттү


  • 2023-06-08

2023-жылдын 5-июнунда «Манас» университетине иш сапары менен келген Анкара шаарындагы Йылдырым Беязит университетинин медицина факультетинин профессору, доктор Айше Филиз Явуз тарабынан "Аялдардын ден соолугу" аттуу илимий конференция өткөрүлдү.

Иш-чарага университеттин биринчи проректору, э.и.к. Бактыгул Каламбекова, гуманитардык факультетинин тарых бөлүмүнүн доценти Незахат Жейлан, жалпы окутуучу айымдар, административдик кызматкерлер, Чет тилдер жогорку мектебинин студент кыздары жана университеттин медициналык борборунун дарыгерлери катышты.

Конференциянын башында Айше Филиз Явуз дүйнөдөгү аялдардын коомдогу орду, алардын ден соолугуна байланыштуу статистикалык көрсөткүчтөргө токтолду.

"Күн сайын дүйнөдө оорунун жаңы түрлөрү пайда болууда. Мунун негизги себеби туура эмес тамактануу, антибиотиктерди ашыкча колдонуу, спирттик ичимдиктер, чылым чегүү жана кыймылсыздык болуп саналат.

Ошондой эле бүгүнкү күндө жыныстык жол менен жуккан ВИЧ/СПИД, сифилис оорулары эркектерге караганда аялдарда көп катталууда",- деди.

Ал мындан сырткары аялдардын арасында кант диабети менен эмчек рагынын көбөйгөнүн белгилеп, жада калса турмушка чыга элек кыздарда да бул дарт аныкталып жатканын кошумчалады.

"Дүйнөдөгү аялдардын 50 пайызында анемия башкача айтканда аз кандуулук оорусу кездешет.

Ошондой эле бөйрөк оорулары менен бирге заара инфекциялары да жайылууда",- деп белгиледи профессор.

Түркиядан келген профессор жаш кыздардын арасында да жугуштуу жана онкологиялык оорулуулар пайда болуп жатканына тынчсызданып жатканын билдирип, болочок энелер үчүн алтын кеңештери менен бөлүштү.

Ошондой эле аларга үй-бүлө курууда жана балалуу болууда көңүл бурушу зарыл болгон сунуштарын айтып өттү.

Аялдарда көп кездешкен ар бир ооруга токтолгон Айше Филиз Явуз оорулардын алдын алуу боюнча Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун сунуштары жана ооруларды дарылоо жолдорун кеңири айтып берди.

Дени сак коомду пайда кылууда аялдардын колунда экенин белгилеген Айше Филиз Явуз: "Эң биринчи аялдар өздөрүнүн ден соолугуна кам көрүшү зарыл. Туура тамактануу, жаман адаттардан арылуу, спирттик ичимдиктерди колдонбоо, спорт менен машыгуу, балдардын төрөлүшүн пландоо, маал-маалы менен медициналык текшерүүдөн өтүү оорулардын алдын алуунун алтын эрежелери. Сиздер аркылуу гана дени сак коом пайда болот.",- деп сөзүн жыйынтыктады.

 

ММК жана коомчулук менен байланышуу бѳлүмү

Haber fotoğrafları:

https://www.instagram.com/p/CtJ3F0wNRDA/?igshid=MTc4MmM1YmI2Ng==

    Социалдык медиада бөлүшүү