Алпаслан Жейлан: "Манас" университети Түрк университеттери биримдигинин кызматташтыгын колдойт


  • 2023-06-08

Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин ректору, профессор Алпаслан Жейлан Өзбекстандын Самарканд шаарында өткөн Түрк мамлекеттер уюмунун Түрк университеттер биримдигинин жыйынына катышты.

Түркия, Кыргызстан, Азербайжан, Өзбекстан, Казакстан жана Венгриянын 50гө жакын университетинин өкүлдөрү катышкан жыйын "Жибек жолу эл аралык туризм жана маданий мурас" университетинде өткөрүлдү.

Жыйындын жүрүшүндө "Манас" университетинин ректору Алпаслан Жейлан Түрк мамлекеттер уюмундагы университеттердин ортосундагы кызматташууну өнүктүрүүгө багытталган бир катар маселелерге токтолду.

"Түрк мамлекеттер уюмундагы университеттердин өз ара кызматташтыгы Түркия Республикасынын президенти Режеп Тайип Эрдоган жарыялаган "жаңы түрк доору" үчүн да маанилүү ролду ойнойт. Түрк билим берүү уюмдарынын көп тармакта кызматташуусун толук колдойбуз. Биз Европа Биримдиги сыяктуу ар башка элдерден куралган биримдик эмеспиз. Биз түбү бир, тектүү элдин урпактарыбыз.  Биздин максат "Орхун алмашуу" долбоорунун алкагында жаштарыбызга өзүбүздүн тарыхыбызды жана тилибизди үйрөтүү болуп саналат",- деди ректор Алпаслан Жейлан.

Мындан сырткары, ректор Алпаслан Жейлан түрк тилин өнүктүрүү маселесине байланыштуу төмөнкүлөрдү билдирди: "Жалпы Түрк мамлекеттери тилибизди өнүктүрүү үчүн  бир алфавитти колдонушу керек. Бул багытта Түркмөнстан, Өзбекстан жана Казакстан алгылыктуу иштерди жүргүзүүдө. Ошондой эле Кыргызстанда да бул багытта "Манас" университети санариптик долбоор аркылуу тилди өнүктүрүү үстүндө иштеп жатат. Буюрса, Кыргызстан тилди санариптик багытта өнүктүрүү аркылуу башка өлкөлөргө үлгү болот деп ишенебиз".

Ректор тарыхый жана маданий тармак уюмга мүчө университеттердин кызматташтыгын жаңы деңгээлге чыгара турганын белгиледи.

"Жаңы түзүлгөн институтубуз аркылуу жаш түркологдорго жайкы мектебин уюштурдук. Ага бардык түрк мамлекеттеринен келген студенттер катышып, тил, тарых, археология, фольклор жана маданий изилдөө иштерин жүргүзүшөт.

Ошондой эле салттуу спорт оюндары биздин тарыхыбыздин ажырагыс бир бөлүгү. Салттуу спорт оюндарыбызды өнүктүрүү максатында Кыргыз-түрк "Манас" университети салттуу спорт оюндары турнирин өткөрүүнү пландап жатабыз. Убактан пайдаланып баарыңыздарды салттуу спорт оюндары турнирине катышууга чакырам",- деди ректор.

Жыйынга ТМУнун Башкы катчысынын орун басары Сади Жафаров, Өзбекстандын Экология, айлана-чөйрөнү коргоо жана климаттык өзгөрүү министри, "Жибек жолу эл аралык туризм жана маданий мурас" университетинин ректору Азиз Абдухакимов, Кыргыз-түрк "Манас" университетинин ректору профессор, доктор Алпаслан Жейлан жана уюмга мүчө университеттердин өкүлдөрү катышты.

Жыйында Түрк университеттерине мүчө окуу жайлардын өз ара кызматташтыгын өнүктүрүү, заманбап бирдиктүү билим берүү стандарттарын түзүү, алмашуу программалары аркылуу тыгыз иштешүү, жалпы илимий изилдөө иштерин жүргүзүү, студенттер жана окутуучулардын ортосундагы байланышты түзүү маселелери талкууланды.

Мындан сырткары, түрк дүйнөсү боюнча илимий изилдөө, маданият, билим берүү жана спорт тармагында симпозиумдорду, конференцияларды, семинарларды өткөрүү боюнча пландарды ишке ашыруу маселеси да каралды.

 

ММК жана коомчулук менен байланышуу бѳлүмү

Haber Fotoğrafları: 

http://mediamanas.kg/lang-tr/4967-rektr-prof-dr-ceylan-trknb-toplantsna-katld.html

    Социалдык медиада бөлүшүү