Живопись жана Графика бөлүмүнүн отчеттук көргөзмөсү


  • 2023-06-09

Үстүбүздөгү жылдын 9-июнунда Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Көркөм өнөр факультетинин Живопись жана Графика бөлүмүнүн 2022-2023-окуу жылындагы жыйынтыктоочу көргөзмөсү болуп өттү.

1-курстан 4-курска чейинки студенттердин эмгектери коюлган иш-чарага университеттин проректору, профессор Мехмет Сезаи Түрк, факультет деканы, доцент Анарбек Ибраев, бөлүмдүн мугалимдери, студенттер жана искусство сүйүүчүлөрү катышты.

Көргөзмөнүн башталышында проректор Мехмет Сезаи Түрк сөз сүйлөп, студенттердин эмгектери чынында кооз экенин белгиледи.

“Алгач, өзгөчө чөйрөгө, өзгөчө иш-чарага чакырганыңыздар үчүн терең ыраазычылык билдирем. Сиздердин бир жыл бою жасаган эмгектериңиздерди көрүүгө абдан кызыкдарбыз. Маданият бул коомдогу, турмуштагы түрдүү көрүнүштөрдү бир чыгарма же эмгек аркылуу чагылдыруу өнөрү болуп саналат. Жыл башындагы жана азыркы эмгектериңиздер бир жыл бою кандай өзгөрүү болгонун көрсөтөтөт. Баарыңыздардын чыгармачылык менен жасаган уникалдуу эмгектериңиздерди көрүп кубанып турабыз. Жалпы окутуучуларга терең ыраазычылык билдирем. Урматтуу бүтүрүүчү студенттер, сиздерге турмуш жолунда ийгиликтериди каалайм. Ал эми кийинки окуу жылында окуусун уланта турган студенттерибизге көңүлдүү жайкы эс алуу каалайм”,- деди проректор.

Көргөзмөдө студенттер тарабынан даярдалган инсталляция, графика дизайны, сүрөттөр, плакаттар жана текстиль стилиндеги эмгектер көрсөтүлдү.

Өзгөчө стилдеги эмгектердин көргөзмөсү тууралуу факультет деканы Анарбек Ибраев буларга токтолду: “Графика жана Живопись бөлүмүнүн студенттери жыл башынан бери түрдүү көргөзмөлөрдү уюштуруп келүүдө. Бул жолу болсо жыйынтыктоочу көргөзмө болуп жатат. Мында эң мыкты эмгектер коюлду. Бул сүрөттөрдүн ар биринин терең мааниси бар. Студенттер терең ойлонуу менен фантазиясын иштетип коомдогу көйгөйлөрдү таап, ошол көйгөйлөрдү чечүүнүн жолдорун бир эле сүрөт менен чагылдырып коёт. Айрымдары Ч.Айтматов сыяктуу улуу жазуучулардын чыгармаларынан шыктанат”,- деди.

Иш-чаранын соңунда мыкты деп табылган эмгектердин авторлоруна иш-чаранын негизги демөөрчүсү болгон Vista-Artista фирмасынын кызыктыруучу сыйлыктары тапшырылды.

 

ММК жана коомчулук менен байланышуу бөлүмү

Haber fotoğrafları:

https://www.instagram.com/p/CtROy2INdj6/?igshid=MTc4MmM1YmI2Ng==

 
    Социалдык медиада бөлүшүү