"Манас" университети Имам Бухари эл аралык илим изилдөө борбору менен кызматташууну улантат


  • 2023-06-14

Түрк университеттер биримдигинин жыйынына катышуу үчүн Самарканд шаарына барган Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин ректору, профессор Алпаслан Жейлан Өзбекстандагы бир катар университет, институт жана илим изилдөө борборлорун кыдырды. Иш сапарынын алкагында ректор Алпаслан Жейлан Имам Бухари эл аралык илим изилдөө борборунун ишмердүүлүгү менен таанышты. Ошондой эле аталган борбор менен "Манас" университетинин ортосундагы кызматташууну улантуу боюнча кызматташуу келишими түзүлдү.

Келишимге кол коюу аземинде Алпаслан Жейлан Имам Бухари эл аралык илим изилдөө борбору салттуу динди карманууда өзгөчө роль ойногон борбор экенин билдирди.

"Бүтүндөй түрк дүйнөсү үчүн салттуу динди карманууда маанилүү роль ойногон Имам Бухари борборунун болушу чоң байлык болуп эсептелет. Бул борбор биздин келечегибиз болгон жаштар үчүн туура руханий азык берери бизди кубандырат. Биздин "Манас" университетибиздин "Университеттен да артык..." деген урааны бар. Бул ураандын максаты Кыргызстан үчүн гана эмес бүтүндөй түрк дүйнөсүнө илимий жактан моралдык колдоо көрсөтүү болуп саналат. Биздин университеттин теология факультети менен Имам Бухари борборунун кызматташтыгы мындан ары да өнүгүп, өз жемиштерин берерине ишенем. Кызматташтыгыбыз бекем жана ийгиликтүү болсун", - деди ректор.

Ректор Жейлан менен бирге проректор, доцент Камалбек Карымшаков жана тышкы байланыштар боюнча координатор, профессор Кемал Полат борбордун ишмердүүлүгү менен таанышты.

Өз кезегинде Имам Бухари эл аралык илим изилдөө борборунун директору Шовосил Зиёдов "Манас" университети менен көп тармактуу кызматташууну жакшыртууга кызыкдар экендигин белгилеп, делегация мүчөлөрүнө ыраазычылык билдирди.

Жаңыланган келишим аркылуу эки билим берүү мекемесинин ортосундагы кызматташтыктын чөйрөсүн кеңейтүү, аны мындан ары өнүктүрүү жана конкреттүү долбоорлорду иштеп чыгуу чечими кабыл алынды.

Бул тууралуу Имам Бухари эл аралык илим изилдөө борборунун сайтына да  https://www.bukhari.uz/?p=28952 жарыяланды.

 

Basın ve Halkla İlişkiler Bürosu

Haber fotoğrafları: 

https://www.instagram.com/p/CtcEkxjNiE9/?igshid=MzRlODBiNWFlZA==

    Социалдык медиада бөлүшүү