Семинар: «Кыргызстандын эгемендигинин калыптанышы»


  • 2023-06-15

Үстүбүздөгү жылдын 14-июнунда Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин Касым Тыныстанов атындагы жыйындар залында Кыргыз Республикасынын "легендарлуу парламентинин" төрагасы, Түрк мамлекеттер уюмунун Аксакалдар кеңешинин мүчөсү Медеткан Шеримкулов тарабынан "Кыргызстандын эгемендигинин калыптанышы" деген темада семинар уюштурулду.

Семинар башталышында боордош эки өлкөнүн мамлекеттик гимндери аткарылды.

Иш-чаранын ачылышында "Манас" университетинин биринчи проректору, э.и.к. Бактыгүл Каламбекова сөз сүйлөп, Кыргызстандын эгемендик алышында Медеткан Шеримкуловдун салымы ат көтөргүс экенин баса белгиледи.

"Мен Медеткан Шеримкулов менен 1980-жылдардан бери таанышмын. Анын Кыргызстан үчүн жасаган зор эмгектерин кайрадан эске салып коюу ашыкча болбойт. 1989-жылы Кыргыз ССРинин мамлекеттик тили катары кыргыз тилинин кабыл алынышында Шеримкуловдун өзгөчө ролу бар. Ошондой эле көз карандысыз Кыргыз Республикасынын декларациясын кабыл алып, ага кол койгон мамлекеттик ишмер. Бул киши бүтүндөй мамлекеттик кызмат адамдары үчүн үлгү. Мен Медеткан Шеримкулов менен дайыма сыймыктанам жана келечек муундарыбыз да мындай баатыр инсандарды эстен чыгарбай эмгегине таазим этишин каалайм",- деди Каламбекова.

Андан соң сөз сүйлөө үчүн трибунага чыккан ректор Алпаслан Жейлан Түрк мамлекеттер уюмунун Аксакалдар кеңешинин мүчөсү Медеткан Шеримкулов өзү бир тарых экенин белгиледи.

"Кыргызстандын эгемендиги дегенде Медеткан Шеримкулов аксакалыбыздын аты эске келет. Анын жасаган иштери гана эмес, өзү да тарых. Жаштарыбыз мына ушундай инсандардан үлгү алышы зарыл. Европалыктар азыркы учурда да Стамбулду кайрадан өздөрүнүкү кылуу ниети бар. Алар түрктөр миң жыл мурда Анатолияга келди деп ойлойт. Бирок алар терең жаңылышат. Түрктөр биздин заманга чейин Анатолия менен Орто Азияда жашаган. Биз Орто Азия менен Анатолияны кайрадан бириктирип, үзүлгөндү улоо вазийпасын мойнубузга алдык. Стамбул дайыма түрктөрдүн жери болгон ошол бойдон калат. Түркия президенти Режеп Тайип Эрдоган түрк дүйнөсүнүн жаңы доору башталганын белгиледи. Мунун алкагында биз "Манас" университети катары  түрк жаштарына сапаттуу билим берүү милдетин максат кылдык.

Ошондой эле Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров мамлекеттик мекемелерде иштеген кызматкерлердин кыргыз тилин жетиштүү деңгээлде билиши шарт деген талапты киргизди. Эми түрк элдерин мындан да жакындата турган алфавит Кыргызстанда да кабыл алынса деген ниетибиз ишке ашса",- деди ректор.

Алпаслан Жейлан түрк элдеринде аксакалдардын орду өзгөчө экенин белгилеп, алар ар дайым жаштарга насаатын айтып туура багыт берип, туура негизде тарбиялап келгенин кошумчалап, Медеткан Шеримкуловго чакырууну кабыл алып келгени үчүн ыраазычылык билдирди.

Иш-чарага университеттин проректору, профессор Мехмет Сезаи Түрк, факультет декандары, окутуучулар жамааты жана студенттер катышты.

Семинардын негизги бөлүгүндө ТМУ Аксакалдар кеңешинин мүчөсү Медеткан Шеримкулов Кыргызстандын эгемендигинин калыптанышы тууралуу баяндама жасады.

"Кыргызстан мен кыргызмын деген адам үчүн өтө ыйык мекен. Анын эгемендүүлүгүн коргоо ар бир атуулдун ыйык парзы. Кыргызстандын эгемендиги үчүн күрөшкөн инсандардын арасында болгонума дайыма сыймыктанам. Сүйүктүү Кыргызстаныбыз 75 жыл бою Орусиянын автономиясында болду. Ошого карабастан, биз өзүбүздүн улуттук наркыбызды, каада-салт, үрп-адатыбызды унутпай, ата-бабаларыбыз калган эгемендүү өлкөнү кайрадан негиздеп алдык. Түркия Кыргызстандын эгемендигин алгачкылардан болуп таанып, көз карандысыздыгыбыз үчүн биз менен бирдей кубанган өлкө болгон. Боордош Түркия Кыргызстанга ар дайым социалдык-экономикалык, маданий, билим берүү жана башка көптөгөн тармактарда  колдоо көрсөтүүнү улантып келе жатат. Биз аларга ыраазыбыз.

Түрк лидери Мустафа Кемал Ататүрк айткандай, мезгили келип бардык түрк элдери котормочусуз бири-бири менен сүйлөшүп калат.

Эгер тарыхка көз чаптырсак, түрк элдери анын ичинде кыргыз эли тууралуу биздин заманга чейин экинчи кылымдарда эскерилген. Демек, биз улуу элбиз. Канчалаган державалардын кысымдарына карабай өзүбүздүн эгемендигибизди сактап келдик.

Бүгүнкү күндө өлкөбүз өнүгүү жолуна түштү. Сүйүктүү Кыргызстаныбыз дайыма өсүп-өнүгүп, кызыл туубуз түбөлүк желбирей берсин",- деди Шеримкулов.

Иш-чаранын жүрүшү андан ары суроо-жооп иретинде өтүп, семинардын аягында ТМУ Аксакалдар кеңешинин мүчөсү Медеткан Шеримкуловго Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин атынан белек берилди.

 

ММК жана коомчулук менен байланышуу бѳлүмү

Haber fotoğrafları: https://www.instagram.com/p/Ctelvcwtcqu/?igshid=MTc4MmM1YmI2Ng==

    Социалдык медиада бөлүшүү