Ак жол сага, бүтүрүүчү! “Манас” унверситетинде чоң майрам


  • 2023-06-17

2023-жылдын 16-июнунда Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Ч.Айтматов атындагы кампусунун ачык асман стадионунда 2022-2023-окуу жылынын бүтүрүүчүлөрүнө арналган салтанаттуу “Бүтүрүү аземи” өттү.

Майрамдык иш-чарага Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министринин орун басары Айбек Молдогазиев, Жогорку Кеңештин депутаттары Айбек Осмонов менен Шайлообек Атазов, Түркия Республикасынын Кыргызстандагы толук жана ыйгарым укуктуу элчиси Ахмет Садык Доган менен Түркмөнстандын элчиси Шадурды Медеров, Бишкек шаарындагы бир катар университеттердин ректорлору, жогорку даражалуу коноктор, КТМУ ректору, профессор Алпаслан Жейлан, биринчи проректор, э.и.к. Бактыгүл Каламбекова, проректорлор, окутуучулар, бүтүрүүчүлөр жана алардын ата-энелери, медиа өкүлдөрү катышты.

Салтанаттуу аземдин башталышында боордош Кыргызстан менен Түркиянын гимндери жаңырды.

Майрамдык кечени ачып берүү үчүн биринчи проректор Бактыгүл Каламбекова менен ректор Алпаслан Жейлан сахнага чыгышты.

“Урматтуу коноктор, сүйүктүү бүтүрүүчүлөр, “Манаста” бүгүн өтө маанилүү күн. Кымбаттуу университетибиздин 22-бүтүрүүчүлөрү, бүгүн силердин жашооңордун жаңы барактары ачылууда. Унутулгус окуялар, кээде сагынтып, кээде тажаткан сабактар эми артта калды. “Уядан эмнени көрсө учканда ошону алат” дейт. Окуу жайыбыздан алган билим, таалим-тарбия жана тандаган кесибиңер силерге ар дайым жолдош болсун. Силердин сыймыгыңар биз, биздин сыймык силерсиңер”,- деп Бактыгүл Каламбекова бүтүрүүчүлөрдү куттуктады.

Андан ары ректор Алпаслан Жейлан өзүнүн куттуктоосунда жогорку даражалуу коноктордун иш-чарага катышкандыгы үчүн ыраазычылык билдирип, бүтүрүүчүлөргө ак жол тилеп, “Манас” үй-бүлөсү менен эч качан мамилесин үзбөөгө чакырды.

“Сүйүктүү жаштар, бүгүн сиздер Кыргызстандагы эң алдыңкы университеттин бүтүрүүчүсү статусуна ээ болуп жатасыздар. Мен сиздерди алган билимиңиздер аркылуу үй-бүлөңүздөргө, өлкөңүздөргө жана түрк дүйнөсүнө ак ниет менен кызмат кылат деп ишенем.

Урматтуу бүтүрүүчүлөр, эч качан билим алууну токтотпогула. Менин ректор деген статусум бар. Бирок ал менин жетекчилик гана даражам. Мен дайыма билим алууга умтулган, илимге салым кошууга аракет кылган адаммын. Билим гана адамды жарыктыкка жана өнүгүүгө алып барат. Ошондуктан изденүүдөн, үйрөнүүдөн тажабагыла”, - деди ректор Алпаслан Жейлан.

Университет ректору мындан сырткары ата-энелер менен мугалимдерге кайрылуу жасап, алардын балдарга билим берүүдө, таалим-тарбия берүүдө маанилүү роль ойной турганын кошумчалады.

“Сүйүктүү бүтүрүүчүлөр, жашоодо тайманбас болгула. Тайманбастык адамга ийгиликтерди багындырууга жана коюлган максатка жетүүгө жардам берет. Мындан кийинки жашооңуздарда ден соолук, бакыт, жакшылык жана ийгиликтерге толгон өмүр каалайм. Бир бололу, ири бололу, бар бололу!”, - деп ректор сөзүн жыйынтыктады.

Андан соң Түркиянын Кыргыз Республикасындагы толук жана ыйгарым укуктуу элчиси Ахмет Садык Доганга сөз берилди. Элчи өзүнүн куттуктоосунда жаштарга төмөнкүдөй наасат айтты: “Каалгандай жашагыла, бактылуу боло тургандай жашагыла, өкүнбөй тургандай жашагыла”.

Көркөм өнөр факультетинин окутуучулары жана студенттери тарабынан уюштурулган ыр, бийлер менен коштолгон иш-чарада бүтүрүүчүлөр ант беришти.

Быйыл “Манас” университетин өзгөчө бир бүтүрүүчү аяктап жатат. Анын студент болуу кыялы бир гана “Манас” университети аркылуу ишке ашты ал Токтобүбү Абсаттар кызы. Университетибиздин социалдык камкордук программасынын алкагында эми Токтобүбү университеттин бардык мүмкүнчүлүктөрүнөн акысыз пайдалана алат. Ошондой эле Кыргыз-Түрк “Манас” университети Токтобүбү менен атасына Түркияда бир жума акысыз эс алып келүү үчүн жолдомо тапшырды. Ал эми Токтобүбүнүн атасына "жылдын мыкты атасы" наамы тапшырылды.

Муну менен катар факультеттердин эң мыкты бүтүрүүчүлөрү жана университетти эң жогорку балл менен аяктап жаткан үч студент аныкталып, аларга сыйлык тапшырылды.

Үчүнчү орунду Коммуникация факультетинин студенти Малика Нурланова (орточо баасы 3.92), экинчи орунду Жогорку кесиптик мектептин студенти Алтынай Улан кызы (орточо баасы 3.93), Экономика жана башкаруу факультетинин студенти Нурхан Тойчубеков (орточо баасы 3.93) жана Коммуникация факультетинин студенти Айдай Өмүрбекова (орточо баасы 3.93) ээледи.

Ал эми биринчи орунду Гуманитардык факультеттин студенти Жибек Рустемова (орточо баасы 3.94) менен Экономика жана башкаруу факультетинин студенти Бермет Ахматова (орточо баасы 3.94) ээледи.

Эң мыкты студенттер ардак тактага ысымын калтыргандан кийин салют атылды.

Майрамдык кече кыргыз эстрада ырчылары коштогон концерт менен соңуна чыкты.

Белгилей кетсек, быйыл “Манас” университетин 935 студент ийгиликтүү аяктап жатат.

 

ММК жана коомчулук менен байланышуу бөлүмү

Haber fotoğrafları:

 https://www.instagram.com/p/Ctj39uptrp7/?igshid=MzRlODBiNWFlZA==

 
    Социалдык медиада бөлүшүү