20 жылдык бүтүрүүчүлөр менен жолугушуу


  • 2023-06-18

Үстүбүздөгү жылдын 16-июнунда Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин ректору, профессор Алпаслан Жейлан Турмуш-тиричилик тейлөө комплексинде окуу жайыбызды 2003-жылы бүтүргөн бүтүрүүчүлөр менен жолугушту.

Жолугушуу доктор Серхат Атмажа тарабынан уюштурулду. Жылуу маанайда өткөн жолугушууга 20 жыл мурда "Манас" университетин аяктаган бир нече бүтүрүүчү катышты.

Жолугушууда ректор Алпаслан Жейлан "Манас" университети үчүн ар бир бүтүрүүчү маанилүү экенин белгилеп, жыл сайын 20 жылдык бүтүрүүчүлөр менен жолугушуу салтын калыптандыруу ниетин билдирди.

"Ар бир университеттин өзүнө таандык каада-салты болуш керек. Биз өзүбүз эле чечим чыгарбай сиздер сыяктуу бүтүрүүчүлөрүбүз менен жолугушуп алардын сунушун да эске алууну каалайбыз. Бүтүрүүчүлөрүбүз менен дайыма байланышта болуп алардын эмне менен алектенип жатканына мониторинг жүргүзүп турабыз. Азыркы учурда "Манас" университети дүйнөдөгү эң мыкты 1000 университеттин катарында. Биз окуу жайыбызды биринчи 500гө киргизүүнү максат кылдык. Өзүңүздөр билгендей, акысыз билим берген "Манас" университетинен башка университет жок.

"Манас" университетинин эсебинен 400дөй студентке акысыз тамак берилип жатат. Эртең менен бардык студенттерге акысыз тамак таратылат. Ошондой эле онкологиялык борборго жардам көрсөтүлүп жатат. Түркиядагы жер титирөөдөн жабыркагандарга да жардам колубузду узаттык. Ошентип, "Манас" университети билим берүүчү гана уюм эмес, колдоо көрсөтүүчү мекемеге айланды", - деди ректор Алпаслан Жейлан.

Жолугушууда бүтүрүүчүлөргө сый тамак берилген соң, кампуста экскурсия уюштурулду.

20 жылдык бүтүрүүчүлөр экскурсиядан кийин "Бүтүрүү аземине" да катышты.

 

ММК жана коомчулук менен байланышуу бөлүмү

https://www.instagram.com/p/CtoAu5JtR37/?igshid=MzRlODBiNWFlZA==

    Социалдык медиада бөлүшүү