КТМУда аялдардын онкологиялык оорулары боюнча маалымдоо семинары болуп өттү


  • 2023-06-14

Үстүбүздөгү жылдын 5-июнунда Кыргыз-Түрк «Манас» университетине иш сапары менен келген Анкара шаарындагы Йылдырым Беязыт университетинин медицина факультетинин профессору, доктор Айше Филиз Явуз аялдардын рак оорусу тууралуу семинар өткөрдү.

Иш-чарага университеттин биринчи проректору, э.и.к. Бактыгүл Каламбекова, гуманитардык факультетинин тарых бөлүмүнүн доценти Незахат Жейлан, жалпы окутуучу айымдар, административдик кызматкерлер, Чет тилдер жогорку мектебинин студент кыздары жана университеттин медициналык борборунун дарыгерлери катышты.

Профессор Айше Филиз Явуз аялдардын рагы тууралуу маанилүү маалыматтарды берип, рактын симптомдору, диагнозу жана дарылоо ыкмаларына токтолду.

Рактын айрым түрлөрү генетикалык экенин баса белгилеген проф. доктор Явуз ооруга туура диагноз коюу менен оорунун алдын алуу жана ооруп калуу тобокелчилигин азайтуу мүмкүн экенин белгиледи.

Семинарда дүйнөдө күн сайын жаңы оору түрлөрү пайда болуп жатканын жана мунун негизги себептери туура эмес тамактануу, антибиотиктерди ашыкча колдонуу, алкоголь жана чылым чегүү, аз кыймылдоо экени айтылды. Айше Филиз Явуз аялдардын рак оорусуна көп учурда кайсы факторлор себеп болоруна кенен токтолду. Ал иш-чаранын катышуучуларына дүйнөдөгү аялдар арасында эң көп кездешкен эмчек рагы, ичеги-карын рагы жана жатын моюнчасынын рагы экенин айтып, оорунун алдын алуу өтө маанилүү экенин кошумчалады.

“Оорудан коркпогула. Кечигип калуудан абайлагыла. Үзгүлтүксүз текшерүүдөн өтүп, дарылоону өз убагында баштоо керек. Улуттун саламаттыгын кааласаң, ден-соолугуңа кам көр. Аялдар дени сак коомдун булагы",- деп Айше Филиз Явуз сөзүн аяктады.

Семинарга катышкан айымдардын суроолоруна Айше Филиз Явуз жооп берди.

Йылдырым Беязыт профессор, доктор Айше Филиз Явуздун презентациялары менен төмөнкү шилтеме аркылуу кеңири тааныша аласыз:

https://manas.edu.kg/misk/kadin_kans.pptx

https://manas.edu.kg/misk/kadin_sagligi_1.pptx

Презентация 1

Презентация 2

ММК жана коомчулук менен байланышуу бөлүмү

    Социалдык медиада бөлүшүү