"Манаста" мугалимдердин квалификациясын жогорулатууга багытталган семинар өтүүдө


  • 2023-06-21

Үстүбүздөгү жылдын 19-июнунда Кыргыз-Түрк “Манас” университети Түркия Республикасынын Юнус Эмре институту менен биргеликте Чет тилдер жогорку мектебинин мугалимдери үчүн уюштурган “Түрк тилин үйрөтүү жана жаңы усулдар” аттуу квалификацияны жогорулатуу семинары башталды. 5 күн өтө турган семинарга ТӨМЕР (Түрк жана чет тилдерди үйрөтүү борбору) жана "Маариф" фондунун окутуучулары да катышууда.

Семинарда түрк тилин үйрөтүүдө угуу, окуу, сүйлөө жана жазуу көндүмдөрүн калыптандыруу, тил үйрөтүү жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу, сынактарды даярдоо, оюндар, ыр жана жаңы технологиялар аркылуу түрдүү жаштагы студенттерге тил үйрөтүү механизмин иштеп чыгуу боюнча сабактар өтүлүүдө.

КТМУ ректору, профессор Алпаслан Жейлан семинарга катышып жаткан мугалимдер менен жолугушуп, Юнус Эмре институтуна ыраазылык билдирди. Ал мугалимдердин квалификациясын жогорулатууга арналган илимий семинарлардын өтүшү оң жыйынтыгын бере баштаганын жана тил үйрөтүүнүн эффективдүүлүгү байкалганын баса белгиледи.

"Күн сайын өзгөрүп турган дүйнөбүздөгү жаңы чакырыктарга жооп берүү үчүн тил үйрөтүүдөгү жаңы технологияларды колдонуу, жаңы механизмдерди түзүү жана тил үйрөтүүнүн эффективдүүлүгүн жогорулатуу максатында мугалимдерибиздин квалификациясын жогорулатуу маанилүү деп эсептейм. Соңку 3 жылда тил үйрөтүүчү мугалимдерибиз үчүн квалификацияларын жогорулатууга багытталган ар кандай иш-чаралар, семинарлар өткөрүлдү. Анын жыйынтыгы жемиштүү болуп жатканы бизди кубандырат. Бүгүнкү күндө тил үйрөтүүнүн улам жаңы усулдары чыгып жатат. Мындан улам биздин мугалимдер да актуалдуу методдор аркылуу сапаттуу тил үйрөтүү жөндөмдүүлүгүнө ээ болушу шарт. Бул багытта иш-чараларды дагы улантабыз",- деди Алпаслан Жейлан.

Белгилей кетсек, семинардын аягында катышуучуларга сертификаттар тапшырылат.

 

ММК жана коомчулук менен байланышуу бөлүмү

https://www.instagram.com/p/CtvWNaItfsa/?igshid=MzRlODBiNWFlZA==

    Социалдык медиада бөлүшүү