КТМУ бал өндүрүүчүлөрдүн II эл аралык конгрессине онлайн форматта катышты


  • 2023-06-21

14-15-16-июнь күндөрү Кыргыз-Түрк "Манас" университети Афён Кожатепе университети, "Зафер" технопаркы жана Аары жана бал өндүрүүчүлөр ассоциациясы менен биргеликте онлайн форматта эл аралык бал өндүрүүчүлөр конгрессин уюштурду.

Онлайн форматтагы конгресске 55 өлкөнүн илимпоздору менен катар конгресстин төрагасы, доцент Улаш Ажарөз, "Манас" университетинин ректору, профессор Алпаслан Жейлан, Афён Кожатепе университетинин ректору, профессор Мехмет Каракаш жана бал өндүрүү тармагынын адистери катышты.

Иш-чарада 130 баяндама жасалып, бир катар постер түрүндөгү маалыматтар угулду.

Онлайн жыйында аарылардын экосистеманын эң маанилүү жандыктарынын бири катары чоң мааниге ээ экени жана аарылар өндүргөн бал, аары сүтү сыяктуу баалуу азыктардын адамдын ден соолугуна оң таасири этери айтылды. Ошону менен бирге соңку жылдарда аарылар климаттын өзгөрүшүнөн улам жашоо чөйрөсүн жоготуу, пестициддерди колдонуу жана аары оорулары сыяктуу коркунучтарга дуушар болуп жаткандыгы тынчсыздануу жаратканы баса белгиленди. Эл аралык бал өндүрүүчүлөр конгресси аары илими менен байланышкан кызыкдар тараптарды бириктирип, аарыларды глобалдык коркунучтардан коргоо жана бул жааттагы эң акыркы изилдөөлөрдүн платформасы аркылуу жаралган көйгөйдү чечүү үчүн уюштурулган.

Ошондой эле бал өндүрүүчүлөрдү колдоо жана жаш илимпоздорду бул тармакта кеңири изилдөө иштерин жүргүзүү маселеси талкууланды.

Онлайн жыйында аарылардын биологиялык жашоо шартын аныктоо, аларды коргоо жана балдын сапатын жогорулатуу боюнча жасалган иштерге баа берилди жана алдыдагы пландар бекитилди.

 

ММК жана коомчулук менен байланышуу бѳлүмү

https://www.instagram.com/p/Ctvo-hfNdTR/?igshid=MzRlODBiNWFlZA==

    Социалдык медиада бөлүшүү