Мугалимдердин квалификациясын жогорулатууга арналган 5 күндүк семинар аяктады


  • 2023-06-23

2023-жылдын 19-июнунда Кыргыз-Түрк "Манас" университети Юнус Эмре институту менен биргеликте Чет тилдер жогорку мектебинин мугалимдери үчүн уюштурган "Түрк тилин үйрөтүү жана жаңы усулдар" аттуу семинар 23-июнда аяктады.

Семинардын жабылыш аземине биринчи проректор, э.и.к Бактыгүл Каламбекова, проректорлор Мехмет Сезаи Түрк жана Камалбек Карымшаков, Чет тилдер жогорку мектебинин директору, профессор Режаи Доган, Башкы катчы Октай Өзгүл, Юнус Эмре институтунун түрк тилин үйрөтүү боюнча директору, профессор Явуз Каталлыоглу жана мугалимдер катышты.

Жыйындын жүрүшүндө Чет тилдер жогорку мектебинин директору, профессор Режаи Доган тил үйрөтүүнүн бүгүнкү күндөгү абалына токтолду.

"КТМУ Кыргызстанда гана эмес, бүтүндөй түрк дүйнөсүндөгү алдыңкы университеттердин бири. Биз Юнус Эмре институту жана ректорубуз Алпаслан Жейландын макулдашуусу менен тил үйрөтүүчү мугалимдерибизге семинар өткөрдүк.

Тил үйрөтүү бүгүнкү күндө жөн гана пикир алышуунун куралы эмес, балким, көп тармактуу өнүгүүнүн булагы болуп калды.  Семинарга катышып, квалификациясын жогорулаткан мугалимдер аркылуу кийинки окуу жылында азыркыдан да натыйжалуу иштерди аткарабыз",- деди Доган.

Ал эми проректор, профессор Мехмет Сезаи Түрк: "Күн сайын өзгөрүп турган дүйнөбүздө тил үйрөтүүнүн улам жаңы усулдары чыгып жатат. Мезгилден артта калбашыбыз керек. Жаңы технологиялар жана жаңы методдор аркылуу түрк тилин оңой жана сапаттуу үйрөтүүгө милдеттүүбүз. Мындан улам, ректорубуз баш болуп тил үйрөтүүчү мугалимдерибизге мына ушундай семинарларды уюштуруп берди. Бардык окутуучуларыбызга жана лекция окуган мугалимдерибизге ыраазычылык билдирем",- деди.

Университеттин биринчи проректору, э.и.к Бактыгүл Каламбекова тил үйрөнүү жаңы маданиятты үйрөнүү экенин белгиледи.

"Кыргыздар сөзгө, тилге маани берген эл. Тил - маданияттын күзгүсү. Бүгүн биздин мугалимдерибизге лекция окуп, тилди туура методдор менен үйрөтүү боюнча семинар жыйынтыкталып жатат.  Албетте, тил үйрөнүү да, үйрөтүү да оңой эмес. Качан гана профессионал тил үйрөтүүчү болгондо жаштар үйрөнгөн тилин да түбөлүк унутпай, аны өмүрүнүн аягына чейин колдонот. "Илим алуу ийне менен кудук казгандай" дегендей тил үйрөнүү да ошондой",- деди Каламбекова.

Иш-чаранын соңунда Чет тилдер жогорку мектебинин семинарга катышкан мугалимдерине сертификаттар  тапшырылып,  университеттин атынан  лекцияларды окуган окутуучуларга ыраазычылык барактары берилди.

ММК жана коомчулук менен байланышуу бөлүмү

Haber fotoğrafları:

https://www.instagram.com/p/Ct1aY4ENrUr/?igshid=MzRlODBiNWFlZA==

Haber Videosu:

https://youtu.be/R1pzaTg1SHA

    Социалдык медиада бөлүшүү