Куран окуу курсуна катышкан балдарга сертификаттар тапшырылды


  • 2023-06-23

Түркия Республикасынын Кыргызстандагы элчилигинин дин иштери боюнча кеңеши жана Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин теология факультетинин социалдык жоопкерчилик долбоорунун алкагында Куран окуу курсуна катышкан балдарга сертификаттар тапшырылды.

Калкка даанышмандык жана салттуу динди үйрөтүү негизинде балдарга 3 жума бою Куран сабактары берилди.

Куран үйрөнгөн балдарга сертификаттарды тапшыруу аземине Түркиянын Кыргызстандагы элчилигинин дин иштери боюнча кеңешинин төрагасынын орун басары Бахадыр Алиоглу, Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин проректору, профессор Мехмет Сезаи Түрк, теология факультетинин деканы, профессор Хасан Айык, окутуучулар курамы жана студенттер катышты.

Куран окуу курсун аяктаган окуучулар кубанычтарын ата-энелери менен тең бөлүштү.

Теология факультетинин деканы элчиликке жана КТМУнун ректоратына социалдык жоопкерчилик долбооруна колдоо көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылык билдирди. Ошондой эле элчилик жана ректорат бул багытта социалдык жоопкерчилик долбоорлорду ишке ашырууга ар дайым даяр экендигин белгилешти.

 

ММК жана коомчулук менен байланышуу бөлүмү

Haber fotoğrafları:

https://www.instagram.com/p/Ct1ZbMit7QD/?igshid=MzRlODBiNWFlZA==

Haber Videosu:

https://youtu.be/oTJCGyAQsD0

 
    Социалдык медиада бөлүшүү