“Манас” университети Түркиядагы жер титирөөдөн жабыркаган аймактагы окуучуларга жардам көрсөттү


  • 2023-06-25

Кыргыз-Түрк "Манас" университети Түркиядагы жер титирөөдөн жабыркаган аймактагы окуучуларга жардам көрсөттү.

КТМУнун окутуучулары тарабынан чогултулган каражатка окуучулардын билим алуусу үзгүлтүккө учурабашы үчүн "Бируни виртуалдык чындык лабораториясы" негизделди.

Бирунинин биринчи виртуалдык реалдуулук лабораториясы жер титирөөдөн эң көп жабыркаган Газиантептин Ислахие районунда ачылды. Мындан тышкары Нурдагы аймагы менен Кахраманмараш, Османие жана Килис аймактарында да ачылаары белгилүү болду.

Ректор Алпаслан Жейлан "Манас" университети билим берүү менен гана чектелбестен социалдык жоопкерчилик долбоорунун алкагында бир топ иштерди аткарып жатканын жана Түркиядагы зилзаладан жабыр тарткан аймактардагы балдарга университеттин бардык кызматкерлери каражат топтоп жардам көрсөткөнүн билдирди.

Ал Кыргыз-Түрк "Манас" университети социалдык жоопкерчилик долбоорунун алкагында дагы көптөгөн иштерди улантарын, виртуалдык лаборатория да окуучулар үчүн пайдалуу болорун кошумчалады.

Мындан сырткары ректор КТМУ дүйнөдөгү эң мыкты 1000 университеттин катарында экенин жана башка уюмдарга жардам колун узатуу анын статусуна ылайык иш экенин белгиледи.

 

ММК жана коомчулук менен байланышуу бөлүмү

Haber fotoğrafları:

https://www.instagram.com/p/Ct4DEzuRl_M/?igshid=MTc4MmM1YmI2Ng==

 
    Социалдык медиада бөлүшүү