КТМУда жаш түркологдордун биринчи жайкы лагери аяктады


  • 2023-06-25

Кыргыз-Түрк "Манас" университетинде биринчи жолу уюштурулган "Жаш түркологдор жайкы мектебинин" жабылыш аземи болуп өттү. Ага университеттин биринчи проректору, э.и.к. Бактыгүл Каламбекова, проректор, профессор Мехмет Сезаи Түрк, Башкы катчы Октай Өзгүл, Түркия илимдер академиясынын эл аралык мамилелер боюнча жооптуу өкүлү Гүлзаде Кахвежи, Түрк илимдер академиясы менен КТМУнун окутуучулары жана жаш түркологдор катышты.

Иш-чарада биринчи проректор Бактыгүл Каламбекова "Манас" университети түркологдорду дайыма колдой турганын билдирип, мындай деди: "Түркологдордун жайкы лагеринде топтогон тажрыйбаңар силерди бийик жерлерге алып барат. Биз түркологияга өзгөчө маани беребиз жана аны дайыма колдоого даярбыз. Түркология жана түрк дүйнөсүнүн келечеги силердин колуңарда. Ийгилик каалайм".

Ал эми проректор Мехмет Сезаи Түрк университет ректору, профессор Алпаслан Жейлан Түркияда болгондугуна байланыштуу анын саламын жеткирип, жаш түркологдорго ийгилик каалады.

"Алгач баарыңыздарга ректорубуз Алпаслан Жейлан Түркияда болгондугуна байланыштуу сиздерге саламын жеткирүүнү тапшырды.

Жаш түркологдордун биринчи жайкы мектебине Азербайжан, Казакстан, Өзбекстан, Венгрия, Башкортостан Республикасы, Татарстан Республикасы, Түндүк Македония, Босния жана Герцеговинадан 28 түрколог кабыл алынды. Жалпысынан 226 изилдөөчү катышкан жайкы лагерде түркология, түрк тарыхы, түрк адабияты, антропология, маданий изилдөөлөр жана археология багытында изилдөөлөр жүргүзүлдү.

Урматтуу жаш түркологдор, силер түрк дүйнөсүнүн маданий баалуулуктарын изилдөө жана аларды ааламга таратуу вазийпасын мойнуңарга милдет катары алдыңар. Мен силердин ишиңерге ийгилик каалап, түрк дүйнөсү үчүн ак кызмат кылышыңарга тилектешмин",- деди проректор.

Түрк илимдер академиясынын эл аралык мамилелер боюнча жооптуу өкүлү Гүлзаде Кахвежи буга чейин түркологдордун жайкы лагери Түркияда өтүп келгенин бул жылы биринчи жолу Кыргызстанда өтүп жатканын билдирди.

Иш-чаранын соңунда жаш түркологдордун изилдөөлөрүнө катышкан мугалимдерге сыйлыктар тапшырылып, концерттик программа тартууланды.

 

ММК жана коомчулук менен байланышуу бөлүмү

Haber Fotoğrafları: 

https://www.instagram.com/p/Ct8eb8qNJZG/?igshid=MzRlODBiNWFlZA==

Haber Videosu:

https://youtu.be/RYmsjjcxtY0

 
    Социалдык медиада бөлүшүү