КТМУ QS 2024 World University Rankings рейтингинде ТОП-900гө кирди


  • 2023-07-04

Кыргыз-Түрк «Манас» университети QS (Quacquarelli Symonds) тарабынан экинчи жыл катары менен дүйнөнүн эң мыкты 1000 университетинин катарына кирди. Бул анын академиялык бийиктиктерге болгон умтулуусун чагылдырган олуттуу жетишкендик. Университетибиз QS 2024 World University Rankings рейтингинде рейтингинде 104 ѳлкѳдѳ мыкты деп табылган 1503 жогорку окуу жайдын ичинен эң алдыңкы 900 университеттин катарына кирди.

Дүйнө жүзүндөгү миңдеген жогорку окуу жайларга терең изилдөө менен баа берген уюм  КТМУнун сапаттуу академиялык жетишкендиктерин дагы бир жолу далилдеди. КТМУ экинчи жыл катары менен эл аралык жогорку билим берүүнүн жогорку баскычынан орун алды.

КТМУнун бул рейтингдеги туруктуу көрсөткүчтөрү анын дүйнөлүк деңгээлдеги билим берүүгө, илим изилдөөгө жана жаңы инновациялар үчүн жандуу чөйрөнү түзүүгө умтулгандыгынын далили болуп саналат. Бул КТМУну Кыргызстанда жана Борбор Азияда гана эмес, дүйнөлүк аренада да таасирдүү билим берүү мекемеси катары калыптанганын көрсөтүүдө. Ошону менен бирге QS рейтинги КТМУнун Борбордук Азиядагы алдыңкы окуу жай экенин гана  тастыктабастан, Кыргызстандын академиялык чөйрөсүнө татыктуу баа бергенин дагы айта алабыз.

Кыргыз-Түрк «Манас» университети интеллектуалдык өнүгүүгө жана билим берүү сапатын жакшыртууга умтулууда. Дүйнөдөгү эң мыкты 900 университеттин катарына кирген КТМУ өзүнүн интеллектуалдык күчүн жана билимге болгон аракетин  жогорку деңгээлдеги ишке ашыруу планын улантууда. Университетибиздин негизги максаты жогорку сапаттагы билим, илимий изилдөөлөр жана инновациялар чөйрөсүн түзүүгө багытталган.

Quacquarelli Symonds агенттиги университеттердин эң абройлуу глобалдык рейтингдеринин бири болуп эсептелген QS World University Rankings рейтингин түзөт.

 

ММК жана коомчулук менен байланышуу бѳлүмү

Haber fotoğrafları:

https://www.instagram.com/p/CuRbtx_NWH2/?igshid=MzRlODBiNWFlZA==

    Социалдык медиада бөлүшүү