“Манас” университетинин кирүү сынактары боюнча маалымат жыйыны өттү


  • 2023-07-07

2023-жылдын 6-июлунда Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Касым Тыныстанов атындагы жыйындар залында “Студенттерди баалоо, тандоо жана жайгаштыруу борборунун” жетекчилиги тарабынан кирүү сынактарын алуу боюнча жооптуу академиялык жана административдик кызматкерлер үчүн маалымат жыйыны болуп өттү.

Жыйындын ачылышында Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин ректору, профессор Алпаслан Жейлан университеттин QS рейтингиндеги ийгиликтери тууралуу кыскача маалымат берип өттү. Ректор Алпаслан Жейлан келе жаткан жылы университеттин максаты “алдыңкы 500 университеттин” арасында болуу экендигин жана бул үчүн бардык керектүү иш-аракеттер башталгандыгын белгиледи. Сөзүн жыйынтыктап жатып, ректор Алпаслан Жейлан кирүү сынактарын алуу боюнча жооптуу болгон кызматкерлерге жылдагыдай эле бул жылы дагы чоң жоопкерчилик көрсөтүүлөрү керектигин эскертти.

Ректордун кеңешчиси, профессор Серхат Бурмаоглу Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин QS ийгилиги тууралуу кыскача баяндама жасады. Профессор Серхат Бурмаоглу университет катары илимий-изилдөө тармагында өндүрүмдүүлүктү жогорулатуу жана профессордук-окутуучулук курам тарабынан ISI (SCI Expanded, SSCI жана AHCI) индекстүү басылмаларга макалаларды активдүү чыгаруу керектигин баса белгиледи. Мындан тышкары, ал QS рейтингинде дагы жогорулоо үчүн башка өлкөлөр менен эл аралык кызматташуунун өзгөчө маанилүүлүгүнө дагы токтолуп өттү.

“Манас” университетинин “Студенттерди баалоо, тандоо жана жайгаштыруу борборунун” жетекчиси, профессор Кюршат Йылмаз сынак алуу боюнча жооптуу академиялык жана административдик кызматкерлерге кирүү сынактары тууралуу кененирээк маалымат берди. Профессор Кюршат Йылмаз 2023-жылы өткөн жылга салыштырмалуу абитуриенттердин саны кыйла өскөндүгүн белгиледи. Ал сөзүн жыйынтыктап жатып, сынак үчүн университеттин 12 имаратындагы 227 аудиторияда сынактар өтө тургандыгын  жана сынак үчүн бардык даярдыктар аяктагандыгын билдирди.

2023-жылдын 9-июлунда өтө турган кирүү сынагында жалпысынан 7321 абитуриент ат салышат.

ММК жана коомчулук менен байланышуу бөлүмү

    Социалдык медиада бөлүшүү