Миңдеген абитуриент «Манас» университетинин студенти болуу үчүн күч сынашты


  • 2023-07-09

2023-жылдын 9-июлунда миңдеген абитуриенттер Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин студенти болуу үчүн ат салышты.

"Манаста" окууну кыялданган абитуриенттер сынактан бир нече саат мурда ата-энелери, жакындары менен экзамен өтө турган имараттардын алдына чогулушуп, өзгөчө атмосфера жаратышты.

Саат 09:00дө абитуриенттер өздүгүн тактоочу документтер аркылуу текшерилип сынак аудиторияларына киргизилди.

Университетибиздин кызматкерлери абитуриенттерге сынак тууралуу так маалымат берген соң сынак китепчелери менен жооп белгилөөчү кагаздар таратылды.

Саат 10:00дө башталган сынакка жалпы 7321 абитуриент катышты. Алар үчүн 227 сынак аудиториялары даярдалган.

Сынактын жыйынтыгы 11-июль күнү жарыяланат. "Манас" университетинин кирүү сынагынан өткөн 1300 студент факультеттерге бөлүштүрүлөт. Мындан тышкары Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларына жалпы республикалык тестирлөөнүн (ЖРТ) жыйынтыгы менен да студент кабыл алынмакчы.

Сынактын жүрүшүндө Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин ректору, профессор Алпаслан Жейлан жана биринчи проректор, э.и.к. Бактыгүл Каламбекова КТМУнун башкы имаратындагы жана Ч. Айтматов атындагы кампустагы сынак өтүп жаткан аудиторияларды кыдырып чыгышты. Университетибиздин жетекчилери абитуриенттердин ата-энелери жана жакындары менен маектешип, алардын суроолоруна жооп берди.

Дагы баса белгилей кетсек, өткөн жылкыдай быйыл да сынакка кечигип жаткан абитуриенттерди ректордун кызматтык унаасы сынак имаратына жеткирип турду.

Ректор Алпаслан Жейлан "Анадолу" агенттиги менен ТРТ Аваз телеканалына берген маегинде кирүү сынактары тууралуу төмөнкүдөй пикирин билдирди: "Баарыңыздарга белгилүү болгондой "Манас" университети дүйнөдөгү эң мыкты жогорку окуу жайлардын катарында жыл сайын жогорку деңгээлге көтөрүлүп жатат. Мындан улам университетибизге кирүүнү каалагандардын саны да жыл сайын өсүүдө. Быйыл 10 миңге жакын абитуриент "Манас" университетинде окуу үчүн катталды.

Биздин сынактардын өзгөчөлүгүн да баса белгилеп кетүүнү туура көрүп турам. Экзамен толук компьютердик тестирлөө аркылуу өтүп, эч ким аралаша албайт. Сынакты ийгиликтүү тапшырган абитуриенттер гана биздин жогорку окуу жайыбызда студент боло алат. "Манас" университетинин кирүү сынагына адамдык фактор аралаша албайт. Компьютер автоматтык түрдө тесттин жыйынтыгын чыгарып берет.

Буга чейин 1000 студент кабыл алсак, быйылкы окуу жылдан баштап 1300 студент кабыл ала баштадык. Мындан сырткары "Манас" университети студенттерге акысыз билим берген жалгыз университет. Кыргыз-Түрк "Манас" университети ЖРТдан жогорку балл алган абитуриенттердин ичинен мыктыларды тандап алуу үчүн кайрадан өзүнүн сынагын өткөрүп жатат. Биздин максатыбыз Кыргызстанга, Түркияга ошондой эле жалпы түрк дүйнөсүнө кызмат кыла турган жаштарды сапаттуу билим менен камсыз кылуу болуп саналат".

Ал эми биринчи проректор, э.и.к Бактыгүл Каламбекова "Манаста" сынак учурунда абитуриенттер жана алардын жакындары менен кошо өзү да толкунданып турганын билдирди.

 ""Кыргыз-Түрк "Манас" университети үчүн бүгүн өзгөчө күн. Мен университетибизге кирүү үчүн келген абитуриенттер, алардын ата-энелери менен жолугушуп, сынак өтүп жаткан аудиторияларды кыдырып чыктым. Чынын айтсам, мен да аларга кошулуп толкунданып турам. "Манаста" өлкөбүздөгү эң мыкты жаштар билим алууну каалап, сынак тапшырып жатышат. Алардын баарына ийгилик каалайм.

КТМУга ЖРТдан 110 баллдан жогору балл алган абитуриенттер кирүү сынактарын тапшырып жатышат. Бул "Манаста" мыктылардын мыктылары гана билим алат дегенди түшүндүрөт. Ошондой эле быйылкы жылы экономика жана башкаруу факультети менен инженердик факультетте англис тилинде сабак бериле баштагандыктан абитуриенттер англис тили боюнча экзамен тапшырып жатышат",- деди Каламбекова.

Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин 2023-2024-окуу жылы үчүн кирүү сынагы түз эфирде окуу жайдын Facebook жана Instagram баракчалары аркылуу чагылдырылды. Иш-чараны жалпыга маалымдоодо ММК жана коомчулук менен байланыш бөлүмүнүн, “Манас телеканалы” жана коммуникация факультетинин медиа тармагынын кызматкерлери жигердүү иш алып барышты.

Белгилей кетсек, Кыргыз-Түрк "Манас" университети эки жыл катары менен дүйнөдөгү эң мыкты 1000 университеттин катарына кирген кыргызстандык алгачкы жогорку окуу жай болуп эсептелет. QS 2024 дүйнөлүк университеттер рейтингине кирген "Манас" университетинин ийгилигине Түркия Республикасынын Жогорку билим берүү комитети да жогору баа берди.

 

ММК жана коомчулук менен байланыш бѳлүмү

Haber Fotoğrafları: https://www.instagram.com/p/CuejNR3NTMY/?igshid=MzRlODBiNWFlZA==
https://www.instagram.com/p/CuejpcfNVmL/?igshid=OGIzYTJhMTRmYQ==
Haber Videosu: https://youtu.be/vPWPx2WeD7s

    Социалдык медиада бөлүшүү