Ректор Өзбекстандын Кыргызстандагы элчиси Хуршид Мирзахидов менен жолукту


  • 2023-07-12

Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин ректору, профессор Алпаслан Жейлан Өзбекстандын Кыргызстандагы ыйгарым укуктуу элчиси Хуршид Мирзахидов менен жолукту.

Жолугушуу Кыргыз-Түрк «Манас» университетин түрк тилдүү ѳлкѳлѳргѳ таанытуу жана кызматташуу максатында ѳтүп, ага университеттин окуу иштери боюнча проректору, доцент Камалбек Карымшаков жана тышкы байланыштар боюнча координатор, профессор Кемал Полат да катышты.

Элчи менен болгон жолугушууда университеттин ректору, профессор Алпаслан Жейлан «Манас» университетине студенттерди кабыл алуу талаптары жана окуу жайдагы шарттар тууралуу маалымат берип: «"Манас" университети дүйнөдөгү эң мыкты жогорку окуу жайлардын катарында жыл сайын жогорку деңгээлге көтөрүлүп жатат. Мындан улам университетибизге кирүүнү каалагандардын саны да жыл сайын өсүүдө. Кыргыз-Түрк "Манас" университети эки жыл катары менен дүйнөдөгү эң мыкты QS World University Rankings рейтингине 1000 университеттин катарына кирген кыргызстандык алгачкы жогорку окуу жай болуп калды. Биздин максатыбыз Кыргызстанга, Түркияга ошондой эле жалпы түрк дүйнөсүнө кызмат кыла турган жаштарды сапаттуу билим менен камсыз кылуу болуп саналат.», -деп Ѳзбекстандан кѳбүрѳѳк студенттерди тартууга жана элчилик менен кызматташтыкты арттырууга чоң маани берерин кошумчалады.

Ал эми элчи Хуршид Мирзахидов Кыргыз-Түрк “Манас” университетинде Ѳзбекстандан келген студенттерге учур талабына шайкеш келген сапаттуу билим берилип жатканы үчүн ыраазычылыгын билдирип, КТМУнун ишин колдоорун билдирди.

 

ММК жана коомчулук менен байланышуу бѳлүмү

https://www.instagram.com/p/CujSPhiNTFo/?igshid=MzRlODBiNWFlZA==   

    Социалдык медиада бөлүшүү