«Шамбала» тасмасы «Ак Илбирс» кино сынагынын 6 номинациясын жеңип алды


  • 2023-07-12

Кыргыз Республикасынын Эл артисти, Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин коммуникация факультетинин ага окутуучусу, белгилүү кинорежиссер Артыкпай Сүйүндүковдун «Шамбала» тасмасы «Ак Илбирс» улуттук сыйлыгынын эң негизги номинацияларын жеңип алды.

"Ак Илбирс" улуттук кино сыйлыгы – Кыргызстандын Оскары болуп эсептелет. Аталган сыйлык 2012-жылы негизделген. Ал улуттук кинематография кызматкерлеринин эмгегин жана жетишкендиктерин даңазалоо, өлкөнүн кино тармагынын өнүгүүсүнө түрткү жасоо максатында өткөрүлүп келет. Быйылкы жеңүүчүлѳр 2021-жылдын жыйынтыгы менен кинематографиянын мыкты адистери тарабынан тандалган.

Улуттук XI-XII "Ак Илбирс" сыйлыгын тапшыруу аземи 2023-жылдын 8-июлунда "Манас" кинотеатрында болуп өттү. Анда «Шамбала» тасмасы төмөнкү номинациялар боюнча сыйланды:

«Мыкты тасма» - Артыкпай Сүйүндүков, Элдияр Мадаким, Медер Сүйүндүков

«Мыкты режиссер» - Артыкпай Сүйүндүков

«Мыкты сценарий» - Артыкпай Сүйүндүков

«Мыкты оператор» - Акжол Бекболотов (КТМУнун бүтүрүүчүсү), Мурат Алиев

«Мыкты композитор» - Мурзали Жеенбаев

«Мыкты монтаж» - Наргиза Маматкулова (КТМУнун бүтүрүүчүсү), Караш Жанышов (КТМУнун бүтүрүүчүсү), Элдияр Мадаким

Белгилей кетсек, «Шамбала» тасмасы дүйнөлүк залкар жазуучу Чынгыз Айтматовдун «Ак кеме» повестинин негизинде тартылган. Тасма буга чейин да «Оскар» сыйлыгынын «Мыкты чет элдик тасма» номинациясы боюнча узун тизмесине кирген. Орусиядагы беделдүү «Ника» сыйлыгын алган. Ошондой эле, Азия, Европа жана Америка тасмаларынын дүйнөлүк фестивалдарында 47 эл аралык сыйлыкка татыган.

Бүгүнкү күндѳ «Шамбала» тасмасы, жалпысынан 53 сыйлыкка ээ болду. Бул кѳрсѳткүч кыргыз кино тарыхында жаңы рекорд болуп саналат.

КТМУнун жалпы эмгек жамааты ага окутуучу Артыкпай Сүйүндүковду жана «Шамбала» тасмасынын чыгармачыл тобунун жеңүүчүлѳрүн сыйлыгы менен куттуктап, мындан ары да чыгармачылык ийгиликтерди каалайт.

 

ММК жана коомчулук менен байланышуу бѳлүмү

Haber Fotografları:

https://www.instagram.com/p/CumBmX0N1Yr/?igshid=OGIzYTJhMTRmYQ==

    Социалдык медиада бөлүшүү