Түркиядагы жер титирөөдөн жабыркаган региондорго КТМУнун виртуалдык чындык лаборатория жардамы


  • 2023-07-17

Кыргыз-Түрк “Манас” университети “Birûni VR-LAB” долбоорунун алкагында 6-февралдагы жер титирөөдөн жабыркаган облустарга “Виртуалдык чындык (реалдуулук) лабораториясына” колдоо көрсөттү.

2022-жылдын 22-мартында Кыргыз-Түрк "Манас" университетин санариптештирүүнүн алкагында “Biruni VR-LAB” лабораториясында Борбордук Азиядагы алгачкы VR-LAB долбоорун таанытуу болуп өткөн. Ошол мезгилден бери КТМУ бул тармакка көп суммада инвестиция жасап, көптөгөн студенттерге колдоо көрсөттү.

Кыргыз-Түрк "Манас" университети 6-февралда Түркиядагы катуу жабыркаган региондордо билим алган жаштарды колдоо максатында 5 регионго AR&VR лаборатория куруп берди.

Аталган программаны Газиантеп университетинин Туризм факультетинин деканы, профессор Эрдал Бай уюштуруп, биринчи этапта Хатай, Газиантеп жана Османие регионунда лабораториялар курулуп бүттү. Ошондой эле Килис шаарындагы байыркы Килис лицейинде да лаборатория курулду.

Лабораториянын ачылышына КТМУнун ректору, профессор Алпаслан Жейлан онлайн форматта катышып, жер титирөөдөн жабыркаган окуучуларга колдоо көрсөтүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болгонуна кубанып турганын билдирди.

Эрдал Бай виртуалдык чындык лабораториясы аркылуу студенттерге сапаттуу билим берүү мүмкүн экенин белгиледи.

"Кыргыз-Түрк "Манас" университети жана ректор Алпаслан Жейланга өзгөчө ыраазычылык билдирем. Сиздердин жардамыңыздар менен жаштарыбыз жаңы технологиялар аркылуу билим алуу мүмкүнчүлүгүн ээ болуп отурат. Бул иштердин башталышы гана болушуна тилектешмин. Бүгүнкү мезгилде жаңы билим берүү системалары пайда болду. Жаңы чакырыктарга жооп берүү үчүн виртуалдык чындык технологияларына муктажбыз. Виртуалдык чындык аркылуу студенттер бардык сезимдери менен билим алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат.

Бул лабораториянын ачылышы "Манас" университетинин билим берүү сапатынын жана  деңгээлинин көтөрүлүшүнө себеп болот",- деди Эрдал Бай.

Иш-чарага Килис регионунун билим берүү бөлүмүнүн башчысы М. Эмин Аккурт катышып, Эрдал Байга жана КТМУга ыраазычылык билдирди.

Ал жаштарга билим берүүдө жана аларга мамиле жасоодо лабораториянын орду өзгөчө экенин кошумчалады.

Лаборатория жаңы профессионалдык компьютерлер, компьютердик көз айнектер, такта жана телевизор менен камсыз кылынган.

Социалдык, табигый, медициналык жана спорттук предметтерге тиешелүү буюмдар менен камсыздалган лабораторияда практикалык көнүгүүлөрдү аткарууга мүмкүнчүлүк түзүлгөн.

Аталган лабораторияда студенттер КТМУ тарабынан даярдалган виртуалдык чындык технологияларынын мазмунун жана булактарын акысыз колдонууга болот.

 

ММК жана коомчулук менен байланышуу бѳлүмү

Haberin fotoğrafı: https://www.instagram.com/p/CuyRgTftjbX/?img_index=1

 

 

 

    Социалдык медиада бөлүшүү