«Манас» университетинин колдоосу менен Бируни лабораториясы ачылды


  • 2023-07-17

«Бируни VR-LAB» долбоорунун алкагында Түркиядагы жер титирөөдөн жабыркаган Газиантеп шаарынын Нурдагы районунда «Виртуалдык реалдуулук лабораториясы» ачылды. Аталган долбоор Кыргыз-Түрк «Манас» университети менен Нурдагы райондук билим берүү башкармалыгы ортосундагы эки тараптык кызматташуунун негизинде ишке ашырылды.

Лабораториянын ачылыш аземи болуп, ага КТМУнун ректору, профессор Алпаслан Жейлан, Нурдагы райондук билим берүү башкармалыгынын директору Муса Йылдырым жана Газиантеп университетинин туризм факультетинин деканы, профессор Эрдал Бей катышып, кызыл лентасы кесилди.

Ачылыш аземине университеттин ректору, профессор Алпаслан Жейлан онлайн режиминде катышып, «Бируни виртуалдык чындык лабораториясынын» ачылышы менен куттуктады. Ал ѳз сѳзүндѳ кызматташуу жана колдоо кѳрсѳтүүлѳр мындан ары да улантыла берерин жана лаборатория пайдалуу болорун билдирди. Ошондой эле «Манас» университетин тандаган Нурдагы районунун студенттеринин жол кире жана башка чыгымдары окуу жай тарабынан каржылана турганын кошумчалады. Мындан тышкары ректор Түркия Республикасынын Президенти Режеп Тайип Эрдогандын санариптештирүүнү мобилизациялоо жарлыгынын алкагында Борбор Азияда биринчилерден болуп Кыргыз-Түрк «Манас» университетинде Бируни VR-LAB долбоору ишке ашып жатканын жана бул долбоор «Манас» университетинин санариптештирүү кадамына кошкон маанилүү салымдарынын бири экенин баса белгиледи.

Андан кийин Нурдагы райондук билим берүү башкармалыгынын директору Муса Йылдырым Кыргыз-Түрк «Манас» университетине менен Газиантеп университетине кѳрсѳткѳн колдоосу үчүн ыраазычылык билдирди.

Ал эми Газиантеп университетинин туризм факультетинин деканы, профессор Ердал Бай ѳз сѳзүндѳ бүгүнкү күндѳ окутууну жана окуунун транфармациялоодо санариптик билим берүүнүн зарылдыгы актуалдуу экенин баса белгилеп, бул лабораториялар билим берүүнүн сапатын жана окуучулардын активдүүлүгүн жогорулатат деген ишенимин билдирди.

 

ММК жана коомчулук менен байланышуу бѳлүмү

Haberin fotoğrafı: https://www.instagram.com/p/CuyXlA4tocc/?img_index=1

 

 

    Социалдык медиада бөлүшүү