Ректор Түркменистандын Кыргызстандагы элчиси менен жолугушту


  • 2023-07-19

Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин ректору, профессор Алпаслан Жейлан үстүбүздөгү жылдын 18-июлунда "Манас" университетин кеңири аймакка таанытуу жана интернационалдаштыруу максатында башталган иш сапары менен Түркменистандын Кыргызстандагы элчилигине барды. 

Иш сапардын алкагында ректорду окуу иштери боюнча проректор, доцент Камалбек Карымшаков менен университеттин тышкы байланыш бөлүмүнүн координатору, профессор Кемал Полат коштоп жүрдү.

Түркменистан элчиси Шадырды Мередов менен болгон жолугушууда КТМУ ректору Алпаслан Жейлан соңку эки жылда университетте жасалган иштер жана ийгиликтер тууралуу айтып берди. Ал "Манас" университети экинчи жылы катары менен QS 2024 рейтингде дүйнөдөгү эң мыкты университеттердин катарына киргенин баса белгиледи.

Алпаслан Жейлан элчи менен жолугушуу учурунда түркменистандык мугалимдер менен иштешүүгө жана студенттерди кѳбүрѳѳк кабыл алууга кызыкдар экенин кошумчалады.

«Биз түркменистандык жаштардын "Манас" аркылуу сапаттуу жана акысыз билим алышын каалайбыз. Биздин университетте чет өлкөлүк студенттер үчүн да бардык шарттар каралган. Алар жатакана, тамак-аш менен камсыздалып, стипендия берилет. Түркменистандын жогорку окуу жайлары менен кызматташууга жана тажрыйба алмашып иштешүүгѳ даярбыз. Биз бирге иштешүү менен чоң-чоң ийгиликтерди жаратабыз деп ишенем.»,- деди ректор Алпаслан Жейлан.

Өз кезегинде элчи Шадырды Мередов иш сапары үчүн КТМУ ректору Алпаслан Жейланга ыраазычылык билдирип, кызматташууга кызыкдар экенин билдирди.

«"Манас" университетинде иштеген мугалимдерди жана билим алган түркменистандык жаштарды көрүү бизди да кубандырат. Бул маселе боюнча колдоо көрсөтүүгө даярбыз. Ошондой эле Түркменистанда билим берүү мекемелери, университет, институт жана башка мекемелер менен болгон кызматташууңуздарга колдон келген аракетти жасайбыз.», -деп айтып келип, ректорду «Манас» университетинде медицина факультетин ачууга жасаган аракетин жогору баалады жана медицина факультетинин ачылышы чоң ийгиликтерди алып келет деген ишенимин билдирди. Ошондой эле «Манас» университети менен биргелешкен маданий жана илимий иш-чараларды ѳткѳрүү ниетин билдирүү менен октябрь айында белгилүү акын Махтумкулу Фиракиге арналган симпозиум өткөрүү пландалып жатканын айтты.

Элчи мырзага сунуштары жана колдоосу үчүн ыраазычылык билдирген Алпаслан Жейлан университетибизде Түркменистан күндөрүн уюштурууга, конференция сыяктуу илимий иш-чараларды өткөрүү мүмкүн экенин белгиледи.

Иш сапардын соңунда ректор "Манас" университетин таанытуу боюнча жасалган китепчелерди тапшырды. Эки тарап тең кызматташтыкты мындан ары да өнүктүрүүгө кызыкдар экендигин баса белгилешти.

    Социалдык медиада бөлүшүү