Ректор Казакстандын Кыргызстандагы элчиси Рапил Жошыбаев менен жолугушту


  • 2023-07-20

Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин ректору, профессор Алпаслан Жейлан үстүбүздөгү жылдын 20-июлунда "Манас" университетин кеңири аймакка таанытуу жана интернационалдаштыруу максатында башталган иш сапары менен Казакстандын Кыргызстандагы элчилигине барды. 

Иш сапардын алкагында ректорду окуу иштери боюнча проректор, доцент Камалбек Карымшаков менен университеттин тышкы байланыш бөлүмүнүн координатору, профессор Кемал Полат коштоп жүрдү.

Казакстандын Кыргызстандагы элчиси Рапил Жошыбаев менен болгон жолугушууда КТМУ ректору Алпаслан Жейлан Түркиянын Борбор Азиядагы эң маанилүү жетишкендиктеринин бири бул - Ахмет Йесеви атындагы Эл аралык Казак-Түрк университети жана Кыргыз-Түрк «Манас» университети экенин айтып,  эки окуу жай тең QS World University Rankings рейтингинде дүйнөдөгү эң мыкты университеттердин катарына киргенин баса белгиледи.

Ректор Казакстандын жогорку окуу жайлары менен иштешүүгө жана казакстандык студенттерди кѳбүрѳѳк кабыл алууга кызыкдар экенин кошумчалады.

«Кыргыз-Түрк «Манас» университетинде 16дан ашык ѳлкѳнүн жаштары окушат. Университетте студенттер үчүн бардык шарттар каралган. Алар жатакана, тамак-аш менен камсыздалып, стипендия берилет. Казак жаштарыбыздын бир гана бакалавриатта эмес, магистратура программасында да билим алышын кааалайбыз. Учурда университетибизде дипломдон кийинки билим берүү мүмкүнчүлүктѳрү боюнча 15 түрдүү программа бар. Жаштар үчүн мүмкүнчүлүктѳр аябагандай эле чоң. Биз Казакстандын жогорку окуу жайлары менен кызматташууга жана тажрыйба алмашып иштешүүгѳ даярбыз. Келечекте  бирге иштешүү менен чоң-чоң ийгиликтерди жаратабыз деп ишенем.»,- деди ректор Алпаслан Жейлан.

Өз кезегинде элчи Рапил Жошыбаев иш сапары үчүн КТМУ ректору Алпаслан Жейланга ыраазычылык билдирип, кызматташууга кызыкдар экенин билдирди.

«Сиздердин университетте Борбор Азияга абдан керектүү факультеттер бар экенин жана жаштарга сапаттуу билим берип жатканыңыздарды билем. Ошол себептен Казакстан менен Кыргызстандагы жогорку окуу жайларынын кызматташуусун колдойм. Маселен, «Манас» университетинин медициналык факультети менен Казакстандагы жогорку окуу жайлардын медицина факультеттерин биргелешип иштѳѳгѳ чакырат элем. Ошондой эле Ысык-Көлдөгү Казак улуттук университетинин базасында биргелешип илимий жана маданий иш-чараларды уюштурсак болот.

Учурда Түркия менен Казакстандын ортосунда энергетика боюнча ар кандай долбоорлор ишке ашырылып жатат. Сиздер бул тармакта иштеп, ѳз салымын кошо турган кадрларды даярдай аласыздар. Андыктан, келечекте энергетика жана гидроэнергетика тармагында иштей турган мыкты адистер чыгат деп ойлойм.», - деди элчи.

Андан соң элчи Рапил Жошыбаев КТМУнун ректору Алпаслан Жейландын «Түрк элдеринин салттуу спорт оюндарында» жетишкендиктери менен сыймыктанарын билдирип, келерки жылы Казакстанда өтө турган салттуу спорт оюндары боюнча ѳтѳт турган иш-чарага чакырды.

Элчи мырзага сунуштары жана колдоосу үчүн ыраазычылык билдирген Алпаслан Жейлан Дүйнѳлүк университеттер арасында «Манаста» биринчи болуп ачылган Салттуу спорт оюндарынын аянтында октябрь айында ѳтѳ турган мелдешке элчи Рапил Жошыбаевду конок болуп катышып кетүүгѳ чакырды.

Иш сапардын соңунда ректор "Манас" университетин таанытуу боюнча жасалган китепчелерди тапшырды. Эки тарап тең кызматташтыкты мындан ары да өнүктүрүүгө кызыкдар экендигин баса белгилешти.

 

 

ММК жана коомчулук менен байланышуу бөлүмү

Haberin fotoğrafları:  https://www.instagram.com/p/Cu6iy9zN9AV/?img_index=1

 

 

    Социалдык медиада бөлүшүү