Ректор элчи Латиф Сейфаддин оглу Гандилов менен жолугушту


  • 2023-07-21

Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин ректору, профессор Алпаслан Жейлан жана университеттин тышкы байланыш бөлүмүнүн координатору, профессор Кемал Полат үстүбүздөгү жылдын 21-июлунда "Манас" университетин кеңири аймакка таанытуу жана интернационалдаштыруу максатында башталган иш сапары менен Азербайжандын Кыргызстандагы элчилигине барды. 

Азербайжандын элчиси Латиф Сейфаддин оглу Гандилов менен болгон жолугушууда КТМУ ректору Алпаслан Жейлан соңку эки жылда университетте жасалган иштер жана ийгиликтер тууралуу айтып берди. Ал "Манас" университети QS 2024 рейтингде дүйнөдөгү эң мыкты университеттердин катарына киргенин баса белгиледи.

Ошондой эле ректор Азербайжандын жогорку окуу жайлары менен кызматташууга, азербайжандык мугалимдер менен иштешүүгө жана Азербайжандан студенттерди көбүрөөк кабыл алууга кызыкдар экенин кошумчалады.

Ал эми элчи Латиф Сейфаддин оглу Гандилов Кыргыз-Түрк “Манас” университетинде Азербайжандан келген студенттерге учур талабына шайкеш келген сапаттуу билим берилип жатканы үчүн ыраазычылыгын билдирип, КТМУнун баштаган ишин ар дайым колдоорун билдирди. 

 

Мындан сырткары, жакында Баку-Бишкек багыты боюнча түз авиакаттам ачылса, Кыргызстан менен Азербайжан ортосундагы кызматташуу мамилелери дагы жакшырып, “Манас” университетинде билим алууну каалаган студенттер үчүн да жакшы ыңгайлуулуктар түзүлүп калаарын билдирди. Ошондой эле 2023-2024-окуу жылында “Түрксой “ эл аралык уюмунун алкагында Кыргызстанда Шуша маданий иш-чараларын өткөрүүдө “Манас” университети менен кызматташа турганын айтты.

 

Иш сапардын соңунда ректор "Манас" университетин таанытуу боюнча жасалган китепчелерди тапшырды. Эки тарап тең кызматташтыкты мындан ары да өнүктүрүүгө кызыкдар экендигин баса белгилешти.

 

ММК жана коомчулук менен байланышуу бөлүмү

Haberin fotoğrafları: 

https://www.instagram.com/p/Cu908AwNIKW/?igshid=MzRlODBiNWFlZA%3D%3D

    Социалдык медиада бөлүшүү