Белгилүү сүрѳтчү Рефик Азиз «Манаста»


  • 2023-07-23

Үстүбүздөгү жылдын 21-июлунда Азербайжан Республикасынын эл артисти, сүрөтчү, профессор Рефик Азиз Кыргыз-Түрк "Манас" университетине келди. Ал ЮНЕСКОнун Пластикалык искусство ассоциациясына алгачкы кыргыз жараны катары мүчө болуп тандалган КТМУнун Сүрөт бөлүмүнүн мугалими Темирбек Мусакеевге мүчөлүк күбөлүгүн тапшыруу үчүн келген.

Рефик Азиз иш сапарынын алкагында "Манас" университетинин ректору, профессор Алпаслан Жейлан менен жолугушту. Сүрөтчү ректор Жейланга 26-август 1071-жыл Малазгирт согушун чагылдырган килемди белек кылды.

Азиздин эмгектери Түркиянын эң чоң музейлерине коюлган жана ал көп жылдар бою Түрк куралдуу күчтөрүнүн башкы сүрөтчүсү болуп эмгектенген.

Иш сапардан кийин “Манас” телеканалына маек берип, Кыргызстанга келгенине абдан кубанып турганын, алдыда КТМУнун көптөгөн иш-чараларына катышуу ниетин билдирип, өз тажрыйбасы менен бөлүшүүгө даяр экенин кошумчалады.

Репортажды «Манас» телеканалынан тѳмѳнкү шилтеме аркылуу кѳрѳ аласыздар:

https://www.youtube.com/watch?v=ocWbkVI6OUc 

ММК жана коомчулук менен байланышуу бѳлүмү

Haberin Fotoğrafları: 

https://www.instagram.com/p/CvAKhLKtaQR/?igshid=MzRlODBiNWFlZA%3D%3D

 

    Социалдык медиада бөлүшүү