Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин ректору Алпаслан Жейлан УТРКга маек берди


  • 2023-07-27

Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин ректору, профессор Алпаслан Жейлан Кыргызстандагы эң алдыңкы медиа болуп эсептелген Улуттук телерадиоберүү корпорациясына маек берди. Анда ректор кыргыз тилине байланыштуу кабыл алынган жаңы мыйзамды колдой турганын билдирди.

Алпаслан Жейлан "Манас" университети негизделгенден бери кыргыз тилин үйрөтүү жана жайылтууга өзгөчө маани берип келгенин баса белгиледи.

"Биздин университетте сабактар кыргыз жана түрк тилдеринде өткөрүлөт. Мен "Манас" университети кыргыз тилин үйрөтүүдө белгилүү метод жана программа аркылуу үйрөткөн жалгыз окуу жай деп айта алам. Ошондой эле эң тажрыйбалуу адистерибиз тарабынан түзүлгөн "Алтын көпүрө" китептери аркылуу тил үйрөтүүнүн жаңы ыкмалары тууралуу маалыматтар берилүүдө. Тил үйрөтүүнүн эффективдүүлүгүн заманга жараша өнүктүрүү үстүндө күн сайын иштеп жатабыз. Мисал катары айта кетсем, китептерге QR коддорду киргиздик ал аркылуу студенттер каалаган маалыматты ала алат.

Жаңы кабыл алынган мамлекеттик тил жөнүндө мыйзамга токтолгон ректор Алпаслан Жейлан президент Садыр Жапаровго ыраазычылык билдирди.

"Биз "Манас" университети катары коомго пайдалуу уюм болуу аракетиндебиз. Кыргыз тили жөнүндө кабыл алынган жаңы мыйзамды колдойбуз жана президент Садыр Жапаровго ыраазычылык билдиребиз. Жаңы мыйзамды колдоо иретинде окуу жайыбыздын Үзгүлтүксүз билим берүү борбору тарабынан кыргыз тилин үйрөтүү боюнча курстар аркылуу мамлекеттик мекемелерге колдоо көрсөтүүгө даярбыз. Азыркы учурда окуу жайыбыздын 4 мугалими КРнын Билим жана илим министрлиги бекиткен 2021-2025 Мамлекеттик тил жана тил саясатын өркүндөтүү программасынын жумушчу тобунда мүчө.

Мындан сырткары башка жогорку окуу жайлар менен болгон кызматташууда кыргыз тилин үйрөтүү жана жайылтуу боюнча өзүбүздүн тажрыйбабыз менен бөлүшүүгө даярбыз",- деди ректор Алпаслан Жейлан.

 

ММК жана коомчулук менен байланышуу бѳлүмү

Жаңылыктын фотосүрѳттѳрү тѳмѳнкү шилтемеде:

https://www.instagram.com/p/CvMz0VNNlUi/?igshid=MzRlODBiNWFlZA==

Жаңылыктын видеосу тѳмѳнкү шилтемеде: https://youtu.be/mGxsJzjImH8

    Социалдык медиада бөлүшүү