Ректор Алпаслан Жейлан Түрксой уюмунун туруктуу кеңешинин жыйынына катышты


  • 2023-09-05

2023-жылдын 2-3-сентябрь күндѳрү Түркиянын Анкара шаарында ТҮРКСОЙ уюмуна мүчө мамлекеттердин маданият министрлери жана Түрк кызматташтыгынын башка уюмдарынын жетекчилери катышкан уюмдун туруктуу кеңешинин жыйыны болуп өттү. Ага университеттин атынан ректор, профессор Алпаслан Жейлан жана окуу жайдын башкы катчысы, доцент Октай Өзгүл катышты.

Жолугушууда ректор Алпаслан Жейлан Кыргыз-Түрк «Манас» университети ТҮРКСОЙ уюмунун иштерин ар дайым колдой турганын айтып, кызматташууга даяр экенин билдирди.

Ошондой эле ТҮРКСОЙдун баш катчысы Султан Раев да Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Түрк дүйнөсүнүн билим берүү тармагынын ѳнүгүшүнѳ кошкон салымын жогору баалап, университеттен ийгиликтүү жаштар тарбияланып жатканын баса белгиледи.

Мындан сырткары, жыйында ТҮРКСОЙ уюмунун 2024-жылга карата түзүлгѳн келечек иш-пландары жана алдыдагы максаттары каралды.

 

ММК жана коомчулук менен байланышуу бѳлүмү

 

Haberin fotoğrafları:

https://www.instagram.com/p/Cwzo7h9tbzP/?igshid=MzRlODBiNWFlZA==

 

 

    Социалдык медиада бөлүшүү