Илим лагеринин сабактары ар кандай темада уланат


  • 2023-09-14

Түрк дүйнөсүнүн ыктыярчыларга негизделген эң чоң долбоору болгон Түрк дүйнөсү санариптик жарандык долбоорунун «Илим лагери» сабактары уланууда.

2023-жылдын 13-сентябрында университетибиздин баш катчысы, доцент Октай Өзгүл тарабынан катышуучу студенттерге «Түрк дүйнөсүнүн тарыхый географиясы» деген аталышта семинар өткөрүлдү.

Түрк дүйнөсүнүн тарыхый контурлары жана географиясы, Түрк дүйнөсүнүн жалпы географиялык өзгөчөлүктөрү, көчмөн жана отурукташкан маданияттардын социалдык-экономикалык, маданий жана көркөм аспектилери кеңири түшүндүрүлгөн. Экономика жана башкаруу факултетинде 228 дарсканасында өткөрүлгөн семинарда, доцент Октай Өзгүл бул долбоордун негизинде тарыхый аң-сезимдин жогорулашы менен биримдик сезиминин да артаарын баса белгиледи жана “Түрк тилинде сүйлөгөн бардык жер биз үчүн мекен” деди. Доцент Октай Өзгүл мекен түшүнүгүнө байланыштуу маанилүү билдирүүлөрдү жасады.

Семинар студенттер тарабынан чоң кызыгуу жана ыраазычылык менен өттү. Семинардын аягында, доцент Октай Өзгүл студенттердин суроолоруна жооп берди.

 

Басма сөз жана коомчулук менен байланыш бөлүмү

Haberin fotoğrafları:

https://www.instagram.com/p/CxIa3qaN_3A/?img_index=1

Haberin videosu:

https://www.instagram.com/p/CxIbQtWtrL2/

    Социалдык медиада бөлүшүү