Кыргыз -Түрк “Манас” университети тарабынан уюштурулган “5 - Эл аралык Түрк дүйнөсү илим жана инженерия конгресси” башталды


  • 2023-09-18

Кыргыз-Түрк «Манас» университети, Нигде Өмер Халисдемир университети жана Азербайжан техникалык университетинин кызматташуусу менен 5-Эл аралык Түрк дүйнөсү илим жана инженерия конгресси жүзмө - жүз жана онлайн түрүндө башталды.

2023-жылдын 15-сентябрында Кыргыз-Түрк «Манас» университети тарабынан уюштурулган конгресстин ачылышы Касым Тыныстанов атындагы жыйындар залында өттү.

Конгресс үч күнгө уланат   

Илим жана кызматташтыктын маанилүү платформасы 5-Эл аралык Түрк дүйнөсү илим жана инженерия конгрессинде 11 параллелдүү сессия бар жана бул сессияларга Түркия менен 19 башка өлкөдөн 103 катышуучу катышты, булар: (Германия, Азербайжан, Австралия, Бельгия, Алжир, Индия, Нидерланды, Ирак, Иран, Италия, Казакстан, Кыргызстан, Египет, Пакистан, Польша, Португалия, Судан, Украина жана Өзбекстан). Жалпысынан 210 доклад, анын 107си сунушталат.

Ачылыш программасына КТМУнун ректору, профессор Алпаслан Жейлан, Нигде Өмер Халисдемир университетинин ректору, профессор Хасан Услу (онлайн), Азербайжан техникалык университетинин ректору, профессор Вилаят Валиев (онлайн), КТМУнун проректору, профессор Мехмет Сезай Түрк, КТМУнун табигый илимдер факультетинин конгресс координатору, колдонмо  математика жана информатика кафедрасынын башчысы, профессор Эржан Челик, КТМУнун табигый илимдер факультетинин деканы, профессор Гүлбүбү Курманбекова, конгресстин координатору, Нигде Өмер Халисдемир университетинин профессору Мурат Барут, конгресстин координатору, Азербайжан техникалык университетинин профессору Амдулла Мехрабов, университетибиздин баш катчысы, доцент Октай Өзгүл, окутуучулар, конгресстин катышуучулары жана студенттер катышты.

Ачылыш сөзүндө КТМУнун табигый  илимдер факультети, колдонмо математика жана информатика кафедрасынын башчысы, профессор Эржан Челик КТМУнун ректоруна, профессор Алпаслан Жейланга конгрессти уюштурууда каржылык жана моралдык колдоосу үчүн ыраазычылык билдиришип, конгресстин катышуучуларына ийгиликтерди каалады. КТМУнун табигый илимдер факультетинин деканы, профессор Гүлбүбү Курманбекова да конгресске салым кошкондорго ыраазычылык билдирди.

Нигде Өмер Халисдемир университетинин профессору Мурат Барут Ысык-Көлдүн куттуу эскерүүлөрүнүн айланасында TURK-COSE конгрессинин ийгиликтүү жана жемиштүү өтүшүн каалап, инженериядагы акыркы жетишкендиктер менен бирге тынчтыктын, бир туугандыктын жана достуктун бардык кооздуктарынын бүткүл дүйнөгө жайылышын каалады. Нигде Өмер Халисдемир университетинин ректору, профессор Хасан Услу конгресстин ачылышына онлайн катышты. Ал өз сөзүндө Түрк дүйнөсүнүн тарыхый жана маданий мураска негизделген биримдигинин маанисин баса белгиледи.  Ал түрктөрдүн издери кайсы жерден табылбасын, күн сайын айкын болуп жатканын белгиледи. Азербайжан техникалык университетинин ректору, профессор Вилаят Валиевда онлайн катышты. Ал өз сөзүндө Түрк дүйнөсүнүн атынан окутуучулар менен изилдөөчүлөрдүн чогулганы бул конгресстин илим дүйнөсүнө салым кошо турганын белгиледи.

“Түрк дүйнөсү биримдикте болсо ийгиликтер болот”.

Ачылыш сөзүндө Түрк дүйнөсүнүн жаркыраган жылдызы Орто Азия экенин баса белгилеген КТМУнун ректору, профессор Алпаслан Жейлан өз сөзүндө: “Биздин негизги философиябыз университеттерибиздин ортосундагы кызматташтыкты арттыруу. Кызматташуулар, мамилелер көбөйгөн сайын бир туугандык сезим да күчөйт. Конгресстин окутуучулары менен изилдөөчүлөрдүн башын бириктирип, ийгиликтүү жыйынтыктарды алып келет. Бизде азыр көктө желбиреген кызыл алма бар. Бул ийгиликтердин негизин-де турган башкы нерсе — илим жана инженерия. Түрк улуту бирге болгондо дагы көп жакшы нерселерге жетишээринен эч күмөн санабайбыз»,-деди. Ачылыш сөзүнөн кийин университетибиздин ректору, профессор Алпаслан Жейлан тарабынан Конгресстин координаторлоруна ыраазычылык баракчалары тапшырылып, андан соң ар кандай темада жазылган макалалардын бет ачары башталды. Конгресс 2023-жылдын 15-16-17-сентябрь күндөрү уланат. Конгресстин алкагында баяндамалар түрк, кыргыз, казак, орус, англис жана азербайжан тилдеринде өтөт.

 

ММК жана коомчулук менен байланыш бөлүмү

Haberin fotoğrafları:

https://www.instagram.com/p/CxSjB0qNBY8/?img_index=1

    Социалдык медиада бөлүшүү