Азербайжандык ишкер Нусрет Мамедов КТМУга тарыхый мурас калтырды


  • 2023-09-26

2023-жылдын 25-сентябрында Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин ректору, профессор Алпаслан Жейлан азербайжандык ишкер Нусрет Мамедовду кабыл алды.

Нусрет Муса оглы Мамедов 2011-жылы Орто Азия аймагында жашаган эл арасынан жыйнап чогулткан 42 тарыхый эстеликти «Манас» университетине тартуулады.

Ал тарыхый эстеликтер окуу жайдын ректору Алпаслан Жейландын демилгеси менен университеттин Археология жана этнографиялык музей-лабораториясынан орун алды.

Нусрет Мамедов тарабынан белекке берилген эмгектердин арасында Кавказ Ислам армиясынын башчысы Нури Пашанын чай ичкен самоору жана тепкиси бар.

Мамедов ѳз сѳзүндѳ Нури Паша 1918-жылы Бакуну куткарып калганын жана ал азербайжан эли үчүн аябай кадыр-барктуу экенин билдирип, анын колдонгон буюмдары бүгүнкү күнгѳ чейин сакталып келгенин жана бул тарыхый эстеликтерди «Манас» университети кѳздүн карегиндей сактап жүрүшѳт деген ой менен окуу жайдын Археология жана этнографиялык музей-лабораториясына тапшырып жатканын сыймыктануу менен айтты.

Мындан тышкары ал университетке кыргыз тилинен азербайжан түркчөсүнө которулган китептерди белек кылды. Ошондой эле Осмон империясы тууралуу жазылган жана азербайжан диаспорасынын колдоосу менен түрк тилинен кыргызчага которулган тарыхый баалуулуктагы эски китепти музейге тартуулай турганын да билдирди.

Белгилей кетсек, Нусрет мырзаны университеттин ректору, профессор Алпаслан Жейлан, проректор, профессор Мехмет Сезаи Түрк жана башкы катчы, доцент Октай Ѳзгүл коштоп жүрүштү.

 

ММК жана коомчулук менен байланышуу бѳлүмү

Haberin fotoğrafları:

 

    Социалдык медиада бөлүшүү