Интернационалдаштыруунун жаңы багыттары


  • 2023-09-27

Профессор Олгун Чичек EAIE 33 - Эл аралык жогорку билим берүү конференциясында

2023-жылдын 25-сентябрында ректордун кеңешчиси, профессор Олгун Чичек Нидерландынын Гаага шаарында EAIE (Эл аралык жогорку билим берүү боюнча Европа ассоциациясы) тарабынан уюштурулган 33 - Эл аралык жогорку билим берүү конференциясына Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин атынан катышты.

25-29-сентябрга чейин созула турган беш күндүк программанын алкагында профессор Олгун Чичек алгач Түркия Республикасынын Гаагадагы элчиси Селчук Үнал мырзага жолугуп, элчиге университетибиз тууралуу маалымат берип, аны Борбор Азиядагы эң мыкты университет болгон  “Манас” университетине чакырды.

 

ММК жана коомчулук менен байланышуу бѳлүмү

Haberin fotoğrafları:

https://www.instagram.com/p/CxrwYlRNmPa/

    Социалдык медиада бөлүшүү